531600-ИСЛАМ ТААНУУ БАГЫТЫ БОЮНЧА МАГИСТРДИК ПРОГРАММА

Кыргызстанда эң алгачкы жолу КТМУнун  Коомдук Илимдер Институтунун  алдында ачылган Ислам таануу багыты боюнча магистрдик программа 2014 -2015 окуу жылынан баштап ишке киргизилген. Бул программа боюнча сапаттуу билим берүүнүн  баардык шарттары түзүлгөн жана өзүнүн багытында академиялык даражага ээ болгон окутуучулук курам менен камсыздалган. Бул бөлүмдө-Хадис, Тафсир, Ислам укугу, Тасаввуф, Калам, Ислам мазхабтар тарыхы сыяктуу сабактар тереңдетилип окутулат. Учурда бул программа боюнча  сегиз  магистрант билимин улантып жатат.  Ислам таануу бөлүмү Кыргызстанда жогорку билимдүү дин адистеринин жетишсиздигин эске алып, бул багыт боюнча адистерди даярдоону өзүнө максат кылып койгон.