БАШКАРУУ ЖАНА УЮШТУРУУ / ИШКЕРДҮҮЛҮК

1

Тармакташкан уюм түрлөрүн түшүндүрүп бериңиз.

2

Илимий башкаруу концепциянын негизги принциптери кайсылар? Түшүндүрүп бериңиз.

3

Илимий башкаруу концепциясынын башкаруу илимине кошкон салымы кандай? Түшүндүрүп бериңиз.

4

Чөйрө анализинде тышкы чөйрөнүн анализи кайсы факторлордон түзүлөт? Азыркы күндөгү чөйрөнүн өзгөчөлүктөрү кандай?

5

"Тышкы ресурстардан пайдалануу (аутсорсинг)" түшүнүгүн бир мисал келтирип чечмелеп бериңиз.

6

Трансформациялык лидерлик түшүнүгүнө аныктама берип, мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп бериңиз.

7

Ситуациялык мамиледе каралган уюм структурасы жөнүндө маалымат бериңиз.

8

Күч түшүнүгү жана уюмдарда лидерлердин колдонулуучу күч булактары кайсылар?

9

BCG таандык ишкананын товардык портфелин анализдөөнүн матрицасына ылайык, ишкана кайсыл товарларын биринчи кезекте портфелинен чыгарышы зарыл?Эмне үчүн?

10

Ишканалардын коом алдындагы жоопкерчилик аймактары жөнүндө маалымат бериңиз.

11

Ишканаларда адам ресурстарын пландоонун мааниси эмнеде? Кандайча жасалат?

12

Сапатты контролдоо кружокторун аныктап, өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат бериңиз.

13

Бенчмаркинг ыкмасына аныктама берип, түрлөрү жөнүндө маалымат бериңиз.

14

Атаандаштыкка баа берүүдө М.Портердин “5 күч” модели кандайча колдонулат? Түшүндүрүп бериңиз.

15

Лидерлик теорияларын бир бири менен салыштырып, кыскача түшүндүрүп бериңиз.

16

Лидерлик деген эмне? Учурдагы уюмдарда лидерлерде талап кылынган негизги өзгөчөлүктөр кандай болушу мүмкүн?

17

Матрицалык уюм структурасын мисалдар менен түшүндүрүп бериңиз. Матрицалык уюм структуралары кайсы уюмдар учун ылайыктуу?

18

Майкл Портердин "Баалуулук жаратуу чынжыры" моделин айтып бериңиз.

19

Механикалык уюм структурасы менен органикалык уюм структурасын салыштырыңыз.

20

Ситуациялык мамиледе технология-уюм мамилелерин изилдеген негизги изилдөөлөр жана бул изилдөөлөрдө каралган темалар жөнүндө маалымат бериңиз.

21

Чечим кабыл алууда кандай кадамдар бар? Кыскача түшүндүрүп бериңиз.

22

Фабриканы (ишкананы) куруу жана жайгашуу жерин тандоодо таасирин тийгизген критерийлер кайсылар?

23

Мотивация деген эмне? Мотивациялоо процессинин этаптары.

24

Адам мамилелери концепциясынын өнүгүүсүндө роль ойногон Х жана Y теориялары жөнүндө маалымат бериңиз.

25

Стратегиялык башкаруу деген эмне, стратегиялык башкаруу процессин сүрөт менен түшүндүрүңүз. Ар бир этапта кетирилген каталарга мисал келтириңиз.

 

ӨНДҮРҮШТҮ БАШКАРУУ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

26

Салттуу маркетинг, ички маркетинг жана интерактивдүү маркетинг түшүнүктөрүнүн өз ара байланышын кызмат көрсөтүү тармагындагы бир ишкананын мисалында түшүндүрүп бериңиз.

27

Сызыктуу программалоо деген эмне? Негизги өзгөчөлүктөрү кайсылар?

28

Үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз өндүрүш системаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштыруу жолу менен түшүндүрүп бериңиз.

29

Оптималдуу чечүү жолу (чыгарылыш) деген эмне? Мисал келтириңиз.

30

Күнүмдүк колдонулуучу товарларды өндүрүүчү ишкана өткөзүүнүн кандай стратегиясын колдонууга тийиш? Башка кандай стратегиялар бар? Түшүндүрүп бериңиз.

31

Маркетинг коммуникация системасынын негизги элементтери кайсылар? Маркетингде ишкананын өзүнө оң имидж түзүү максаты негизинен кайсыл элемент аркылуу ишке ашырылат?

32

Маркетингде баа саясатына таасир тийгизген факторлор кайсылар? Баанын минималдуу жана максималдуу деңгээлин аныктаган факторлорду түшүндүрүп бериңиз.

33

Товардын жашоо циклы канча этаптан турат жана ар бир этапта кандай маркетингдик иш-чаралар колдонулат? «Х» товары жашоо циклынын акыркы этабында болсо кандай чараларды көрүүгө болот?

34

Маркетинг маалыматтык системасы жана маалымат системасын түзгөн элементтерди мисалдар менен түшүндүрүп бериңиз. Кайсы абалда маркетингдик изилдөөлөргө муктаждык бар?

35

Рынокту сегменттөөнүн негизги критерийлери кайсылар?Курулуш тармагында чарба жүргүзүп жаткан жергиликтүү ишкана үчүн рынокту сегменттерге ажыратып, түшүндүрүп бериңиз.

36

Өндүрүлгөн продукциянын (чөнтөк телефону) үч деңгээли, тактап айтканда маңызы, негизги продукт жана кеңейтилген продуктту түзгөн өзгөчөлүктөр кайсылар? Маркетолог үчүн бул үч деңгээлди ажыратып билүү эмне үчүн маанилүү?

37

Уюмдук керектөөчүлөр кимдер? Сатып алуу борборуна түшүндүрүп бериңиз.

38

Технологиялык жетишкендиктер маркетинг иш-аракеттеринекандай таасир берүүдө? Санарип маркетинг боюнча маалымат бериңиз.

39

Илимий изилдөө процессинин этаптарын деталдуу түрдө түшүндүрүп бериңиз.

40

Параметрдик жана параметрдик эмес методдор жөнүндө маалымат бериңиз. Алардын ортосундагы айырмачылыктарды деталдуу түрдө талкуулаңыз.

41

Парадигма, гипотеза, изилдөөнүн жалпы тобу жана чакан тобу түшүнүктөрүн талкуулаңыз.

 

ФИНАНСЫЛЫК МЕНЕДЖМЕНТ

42

Ишкананын финансылык анализинде колдонулган коэффициенттерден эң маанилүү үчөөнү түшүндүрүп бериңиз? Финансылык леверидж жана анын даражасы кандай болушу керек?

43

Ишкананын рентабелдүүлүгү кандайча өлчөнөт?

44

Ишкананын активдерди колдонуу эффективдүүлүгү кандайча өлчөнөт?

45

Финансы жана финансылык башкаруу деген эмне? Финансылык башкаруунун функцияларын түшүндүрүп бериңиз.

46

Финансылык инвестицияларга максатталган ишканаларда түзүлгөн портфелдерде риск жана киреше кандай эсептелинет?

47

Финансылык башкаруунун максатын түшүндүрүп бериңиз.

48

Форвард, фьючерс, опцион операциялары жана рыноктору жөнүндө маалымат бериңиз?

49

Дебитордук карыздардын айлануу коэффициенти жана товардык-материалдык запастардын айлануу коэффициенти кандайча эсептелинет жана эмнени түшүндүрөт?

50

Дебитордук карыздарды башкаруу деген эмне? Дебитордук карыздарды башкарууда ийгиликке  алып баруучу ыкмалар кайсылыр?

51

Негизги каражаттардын амортизациясында колдонулган «Азайтылган калдыктар ыкмасы» тууралуу маалымат бериңиз.

52

Бухгалтердик баланс деген эмне? Негизги бөлүмдөрүн түшүндүрүп бериңиз.

53

Бухгалтердик баланстын ыкмасына жараша  "Бухгалтердик эсептин процессин" түшүндүрүп бериңиз.

54

Бухгалтердик балансты анализдөөнүн маңызын жана маанилүүлүгүн түшүндүрүп бериңиз.

55

Пайда жана зыян боюнча отчет деген эмне? Негизги бөлүмдөрүн түшүндүрүп бериңиз.

56

Пайда жана зыян боюнча отчетту анализдөөнүн маңызы жана маанисин түшүндүрүп бериңиз?

57

Иш же жумушчу капиталга болгон муктаждык кандай эсептелинет?

58

Ишкана капиталы жана таза ишкана капиталы деген эмне? Эмнени көрсөтөт? Кыскача түшүндүрүп бериңиз?