Тарых:

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан 2018-жылдын 7-февралинде кабыл алынган №1 чечими жана ошондой эле университеттин Сенатынын R.30.2019/GS/ÖБ-14.7 сандуу 08.01.2019-жылы кабыл алган чечими менен Коомдук илимдер институтунда «Дене тарбия» боюнча магистрлик программасы ачылган. Кыргыз-Түрк «Манас» университети, «Дене тарбия» адистиги боюнча магистрлик квалификация камсыз кылуусу менен магистрлик программа ачылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 26-июнундагы № D2019-0029 буйругу менен 532000 «Дене тарбия» магистрлик программасына билим берүү ишин жүргүзүү укугуна №LS190002687 лицензия берилген.

Магистрлик программага кабыл алуу планы боюнча жылына 8 абитуриент кабыл алынат, анын 70 % Кыргызстандан болушу керек, калган 30 % Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн келген абитуриенттердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Учурда магистрлик программага тапшырган магистранттардын саны 20 окуучуну түзөт.

 

Магистрлик программанын максаттары:

Программанын негизги максаты – гуманитардык, социалдык, экономикалык, математикалык жана табият таанууга байланыштуу билимдердин негизде тармагында кадр даярдоо, бүтүрүүчүгө иштөөгө мүмкүндүк берүүчү жогорку эрежеде тереңдетилген кесиптик (магистратура деңгээлинде) билимге ээ болуусуна шарт түзүп берүү. Ар бир окуучу өзү тандаган ишмердик тармагында ийгиликтүү, анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда туруктуулугуна өбөлгө түзгөн универсалдуу жана предметтик компетенцияларга ээ болуусуна көмөк көрсөтүү. Окуучулардын коомдук жана инсандык сапаттарын калыптандыруу; максатка умтулуусуна түрткү берүү; уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, атуулдук, баарлашуу, сабырдуулук, жалпы маданияттык сапаттарды жогорулатуусу боюнжа педагогикалык билим берүү.

 

Магистрлик программанын милдеттери:

Программабыздын негизги милдеттери;

- катышуучулардын жаш жана гендердик өзгөчөлүктөрүнө жараша окуу-тарбия процессинин максаттарын жана милдеттерин аныктоого, алдыга коюлган милдеттерге адекваттуу болгон окутуунун жана дене тарбиянын адекваттуу каражаттарын жана ыкмаларын тандап алуу;

- инсандын физикалык жана функционалдык абалын баалоого жана инсандын мүмкүнчүлүктөрүнө адекваттуу жүктөрдүн көлөмүн аныктоо;

- билим берүү процессинде колдонулган каражаттардын жана методдордун натыйжалуулугун баалоо жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү;

- билим берүү жана тарбиялоо процессинде колдонулуучу каражаттардын жана методдордун натыйжалуулугун баалоо;

- магистратуранын проблемаларына тиешелүү конкреттүү изилдөөнүн милдеттеринин негизинде адекваттуу изилдөө методдорун тандоого, колдонуудагы методдорду өзгөртүүгө жана жаңы методдорду иштеп чыгуу;

- тарбиялоо процессинин ана изилдөө натыйжаларынын илимий талдоо жүргүзүү;

- маданий жана агартуучулук иштерин пландаштырууда жана ишке ашырууда өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн тынымсыз жогорулатуу болуп саналат.

 

Академиялык иш:

«Дене тарбия » багыты боюнча магистрлик программада студенттердин дене тарбиянын негизги багыттары боюнча билимдерин тереңдетүүгө багытталган. Программанын мөөнөтү төрт семестрди (эки жыл) түзөт жана «Дене тарбия чебери» квалификациясын берүү менен аяктайт.

Билим берүү программаларынын окуу пландары дүйнөлүк билим берүү стандарттарын жана Болоньялык процессин эске алуу менен кредит-саат системасы боюнча түзүлгөн.

Окуу планынын түзүлүшү жана мазмуну, иштөө программалары жана академиялык дисциплиналары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын көп баскычтуу жогорку билим берүү системасында магистратураны даярдоо жөнүндө жобонун» талаптарына жооп берет, ошондой эле Түркия Республикасынын билим берүү программаларына ылайыктуу болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы №1179 буйругу менен бекитилген «Жогорку жана кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын» талаптарына да жооп берет. /1.

Программанын педагогикалык процессинде магистранттар университетте магистрдик диссертацияны даярдоого жана педагогикалык ишмердүүлүккө багытталган илимий-изилдөө жана илимий-педагогикалык практикадан өтүшөт.

Магистрлерди даярдоо үчүн негизги билим берүү программасын ишке ашыруу процесси, квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыздалган. Азыркы учурда 2 профессор, 2 доцент, 3 ага окутуучу жана илимдин кандидаттары штаттык режимде иштешет.

 

Магистрлик программанын бүтүрүүчүлөрүнүн компетенциялары:

- теорияларды, практикаларды, методологияларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын терең түшүнүүгө жана сын көз менен баалоого, дисциплиналар аралык мамилени колдонууга жана жаңы маалыматтарды алуу үчүн ар түрдүү илимдердин жетишкендиктерин интеграциялоого жөндөмдүүлүк;

 - үйрөнгөн теорияларды жана концепцияларды чогултуу, баалоо жана интеграциялоо, алардын кесиптик маселелерди чечүүдө колдонуу чектерин аныктоо; зарыл болгон изилдөө ыкмаларын тандоо, колдонулган методдорду өзгөртүү жана конкреттүү изилдөөнүн милдеттеринин негизинде жаңы методдорду иштеп чыга билүү;

- илимий изилдөөлөрдү өз алдынча же топтун курамында изилдөөнүн акыркы ыкмаларды колдонуу менен кылууга, ошондой эле өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, прикладдык же илимий долбоорлорду пландаштырууга, ишке ашырууга жана ылайыкташтырууга жөндөмдүүлүк;

- илимдеги жана техникадагы, профессонал чөйрөдөгү жаңы көрүнүштөрдүн социалдык-экономикалык жана маданий жыйынтыктарды эске алуу менен жаңы идеяларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүүлүк;

- өзүнүн кесиптик чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө адистик деңгээлде баа берүүгө жөндөмдүүлүк;

- кесиптик деңгээлде баарлашуу эрежесинде чет тил билүү;

- жогору деңгээлде маалымат жана иштөө жөндөмдүүлүгү менен бир адис катары илимий-изилдөө иштеринде заманбап компьютерлердик технологияларды жана атайын программаларды колдоно билүү;

- жарандык-демократиялык коомдун баалуулуктарын өнүктүрүүгө, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, дүйнө таанымды, социалдык жана инсандык маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилгелерди көтөрүүгө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүүлүк;

- Команданы, анын ичинде дисциплиналар аралык долбоорлорду жетектей ala bilüü;

- педагогикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктерди (акыркы теориялар, интерпретациялар, методдор жана технологиялар менен) практикада колдоно билүү (ПК-1);

- студенттин инсандыгына тарбиялык таасирин жогорулатуу максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын колдонуу жөндөмдүүлүгү (ПК-2);

- «Дене тарбия» окуу дисциплинасы боюнча методикалык комплекстерди иштеп чыгуу жөндөмү (ПК-3);

- окуу процессинин сапатын камсыз кылуу үчүн заманбап технологияларды колдоно билүү (ПК-7);

- дене тарбия, ден соолукту чыңдоо, спорттук, рекреациялык иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин чечүү үчүн долбоордун (программанын) максаттарын түзө билүү, максаттарга жетүү критерийлерин жана көрсөткүчтөрүн аныктоо, көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктарын аныктоо; , ишмердүүлүктүн моралдык аспектилерин эске алуу (ПК-16);

- дене тарбия жана спорт тармагында пландарды, программаларды жана изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу жөндөмү (ПК-30);

- өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын интерпретациялоо жана алардын практикалык маанисин аныктоо (ПК-32);

- ар кандай жыныстагы жана курактагы контингенттин социалдык, морфологиялык, функционалдык, психологиялык өзгөчөлүктөрүн, региондун табигый экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дене тарбия жаатында долбоорлорду жана методикалык документтерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү (ПК- 40).

 

Окуу процессинде профессионалдык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү:

532000 «Дене тарбия» даярдоо багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:

- дене тарбия жана спорт бардык тармагында билим берүү;

- дене тарбия жана спорт;

- мотордук рекреация жана реабилитация;

- дене тарбия жана спорттун жардамы менен оорулардын алдын алуу жана калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чаралар;

- тейлөө сектору; туризм;

- башкаруу чөйрөсү;

- илимий изилдөө иштери.

 

Бүтүрүүчүлөрдүн карьера мүмкүнчүлүктөрү:

Бүтүрүүчүлөр алардын билим деңгээли жана ээ болгон компетенциялары кызматкердин квалификациясына коюлган талаптарга ылайык келген шартта (ар кандай деңгээлдеги жана типтеги окуу жайларында: жалпы билим берүүчү мектептерде) кесиптик иштин башка чөйрөлөрүндө жана (же) чөйрөлөрүндө профессионалдык ишти жүзөгө ашыра алышат. , балдарга кошумча билим берүү мекемелери, анын ичинде спорт мектептери, спорт клубдары, башка дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо же дене тарбия жана спорт мекемелери).

Магистрлик программадагы билимди өздөштүргөн бүтүрүүчү, өздөштүрүлүп жаткан билим берүү программасынын деңгээлине жараша студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн, муктаждыктарын жана жетишкендиктерин изилдөө сыяктуу кесиптик милдеттерди чечүүгө даяр; предметтик чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жана окуучулардын жаш жана психофизикалык өзгөчөлүктөрүнө, анын ичинде алардын өзгөчө билим берүү муктаждыктарына ылайык келген заманбап билим берүү технологияларын пайдалануу менен билим берүү чөйрөсүндө окутуу жана тарбиялоо процессин уюштуруу; кесиптештер, ата-энелер, социалдык өнөктөштөр, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу; профессионалдык өзүн-өзү тарбиялоону жана инсандык өсүүнү ишке ашыруу.