Максат

Социология багытында билимге жана көндүмгө ээ, башкаруучулук жана илимий изилдөөлөр тармагында ийгиликтүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү, коомдук илимдердин изилдөө ыкмаларын жакшы өздөштүргөн; коомдун социалдык-экономикалык, саясий, маданий жана башка тармактарында иштөөгө,  эмгек рыногуна жана социалдык мобилдүүлүккө салым кошууга жөндөмдүү; этикалык баалуулуктарды урматтоо менен коомдук жоопкерчилик сезими жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү бар; маалыматтык технологияларды колдоно билген; критикалык, аналитикалык, чыгармачыл жана инновациялык ой жүгүрткөн магистратура деңгээлдеги илим адистерди даярдоо болуп саналат.

Программалык маалымат

1. Алдын ала аныкталган жана жарыяланган процесстин контекстинде кабыл алынган студенттерге багыты боюнча айрым темалардын биринин негизинде адис болгонго мүмкүнчүлүк берет. Академиялык адистик жаатында институттук жана жеке деңгээлде жүргүзүлгөн долбоорлор, изилдөөлөр жана өз алдынча иштөөлөр менен социология дисциплинасы боюнча теориялык жана методологиялык билимдерге ээ, алган билимдерин колдонуу көндүмдөрүн калыптандырган, критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болгон, илимий этикалык принциптерди өздөштүргөн жана коомдук жоопкерчиликти сезүү менен иш алып барган, эл аралык билимдер менен жабдылган, глобалдык жана жергиликтүү бизнес дүйнөсүнүн муктаждыктарына жооп бере алган, жалпысынан социалдык илим жана өзгөчө социология дисциплинасына ээ болгон изилдөөчүлөрдү жана адистерди даярдайт.

2. Социология магистратура программасында окутуу үчүн эки (2) дарскана, бир (1) семинар залы жана компьютердик лабораториясы бар Социология бѳлүмүнүн магистратура программасында окугандар үчүн улуттук жана эл аралык деңгээлдеги илимий булактарга мүмкүнчүлүктѳрү бар. Бул мүмкүнчүлүктѳр Кыргыз-Түрк Манас универитетинин Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын маалымат базасынан бекер берилет. Кыргызстан-Түркия Манас университетиндеги ар башка 8 китепкана жана окуу залында миңдеген басылмалар докторанттарга акысыз берилет.

3. Магистратура программасында окутуу – учурда толук ставкалуу 3 профессор, 1 доценттин милдетин аткаруучу, толук эмес ставкада 1 доцент, 3 сабактын акысы менен иштеген ага окутуучу болуп жалпы 8 профессордук-окутуучулук курам адистиктери боюнча иш жүргүзүп жатышат. Профессордук-окутуучулук курам өз чөйрөсүндөгү изилдөөчүлөр менен ар дайым кызматташып, чет өлкөлөрдөгү илимий иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып турушат. Кыргыз-Түрк Манас университетинин Социология бѳлүмүнѳ келген үч профессор Түркиянын абройлуу университеттеринен келген жана ар бири ѳз тармактарындагы мыкты илимпоздор. Керек болгон учурда биздин кафедрага КР ЖОЖдорунда иштеген белгилүү профессордук-окутуучулук курам да толук эмес окуу акысы менен дайындалат.

4. Магистратура программасынын ийгиликтүү студенттери Эразмус, Мевлана жана Орхун ж.б. студенттик алмашуу программалары менен болгон кызматташтыгынын аркасында Түркия баш болуп көптөгөн өлкөнүн университеттеринде бекер билим алуу жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

5. Социология магистратура программасы илимий иштеп чыгууларды, инновацияларды жана кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу менен дайыма жаңыланып турат.

6. Социология магистратура программасынын айрым илимий изилдөө тармактары катары төмөнкүлөр саналат:

  • Үй-бүлө түзүмү, трансформация жана саясат
  • Илим-билим-коомдук байланыш
  • Билим берүү менен коомдун мамилеси
  • Миграция кубулушу, башкаруу жана саясат
  • Социалдык саясаттын практикасы
  • Маданият-цивилизация кубулушу  жана анын мамилелери
  • Дин-коом мамилеси
  • Социалдык баалуулуктар, интеграция жана четтөө
  • Саясий ойлор жана кыймыл
  • IT технологиялардын социалдык көрүнүштөрү жана натыйжалары
  • Өндүрүш жана керектөө үлгүлөрү
  • Шаар жана Урбанизация саясаты
  • Стратегиялык башкаруу жана изилдөө