БИЛИМ БАГЫТЫ:  550700-« ПЕДАГОГИКА»

  • (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Түрк коомдорунун билим педагогикалык маданияты менен эл аралык деңгээлдеги баалуулуктарга негизделген заманбап билим берүү теорияларын синтездөө,  билим берүү жана окутуунун негизги маселелерин үйрөнүү жана изилдөө,  жаңылыктарга ачык, эмпатия кура алган, сынчыл ой жүгүрткөн, активдүү, этикалык жана кесиптик баалуулуктарга ээ, заманбап окутуу маданиятын түзүү жана теориялык маселелерди терең талдап, үйрөнүүгө, универсалдуу билим жана технологияларды  жаратууга  кесиптик жактан компетенттүү жана ошондой эле коомдук баалуулуктарды сыйлаган изилдөөчүлөрдү тарбиялоо үчүн күчтүү академиялык инфраструктура түзүү.

МАКСАТ

Докторантура программасынын максаты – көз карандысыз изилдөө жүргүзө алууга, илимий көйгөйлөрдү терең жана кѳп кырдуу көз-караштардын негизинде менен чечмелеп, талдоо, анализдѳѳ, жаңы педагогикалык идеяларды жана методдорду жаратуу билим, билгичтик, көндүмдөрүнө ээ, тармагында адистешкен, ал тармактагы  жергиликтүү жана эл аралык эмгектер жана жаңылыктар менен кабардар, этикалык жана кесиптик баалуулуктарга ээ, эл аралык деңгээлде кесиптештери менен орток тилде карым-катыш кура билген, атаандаштыкка жөндөмдүү, билим берүү тармагына байланыштуу ар кандай дисципланаларда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги илимий эмгектерди жараткан жана ал эмгектерин абройлуу илимий журналдарда жарыялоо менен, өлкөбүздүн педагогика илимине салым кошо алган изилдөөчүлөрдү даярдоо жана бул максатта керектүү академиялык билим, билгичтиктерге ээ кылуу.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  1. Докторантура программасы, педагогика багытынын бардык тармактарында компетенттүү жана ийгиликтүү изилдөөчүлөрдү тарбиялап чыгарат. Кабыл алынган окуучуларга түрдүү тармактардын биринде адистешүү мүмкүнчүлүгү берилет. Программа, педагогика багытынын ичинен орун алган: билим берүү программасын даярдоо, билим берүүнү башкаруу жана контролдоо, педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк, билим берүүнүн тарыхы жана маданий негиздери, билим берүүдө өлчөө жана баалоо, билим берүү системаларында заманбап парадигмалар тармактарында магистрдик даражасына ээ окуучуларга докторантурада окуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  2. Докторантура программасын жүргүзүүдө, беш (5) дарскана, үч (3) семинар салону, эки (2) аудитория, компьютердик жана тажрыйба жүргүзүү лабораториялары бар. Сабактык жана илимий китептер, Курстук жана илимий китептер, мезгилдүү басылмалардын маалымат базалары, электрондук ресурстарга жана окуу залдарына  залдарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган интернет-инфраструктурасы менен үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн борбордук китепкана бар.
  3. Докторантура программасында билим берүү, толук ставкалуу үч (3) Профессор Доктор, бир (1) Доцент Доктор, бир (1) Ага окутуучу PhD. камтыган, тармактарында адис беш (5) окутуучу тарабынан жүргузүлөт. Окутуучулардын бардыгы (5) Педагогика бөлүмүнүн толук ставкалуу, кадрдык мүчөлөрү. Алардын бир бөлүгү доктордук даражаларын чет өлкөдө алышкан. Эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чараларга активдүү катышышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзуп келишет. Үч (3) окутуучубуз, бөлүмүбүзгө Түркия мамлекетинин кадыр-барктуу университеттеринен эң аз беш (5) жылдык мөөнөткө кызматка келген, педагогика багытынын түрдүү тармактарында адистешкен илимпоздор. Бөлүмүбүздө, жылына эң аз үч (3) Түркиялык илимпоз кызмат көрсөтөт.
  4. Докторантура программасы кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин эске алуу менен илимий иштеп чыгууларга жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.
  5. Педагогика багытынын докторантура программасынын айрым илимий тармактары төмөнкүлөр:
  • Билим берүү программалары жана окутуу,
  • Билим берүүнү башкаруу жана контролдоо,
  • Психологиялык кеңеш жана көмөк,
  • Билим берүүнүн социалдык жана тарыхый негиздери,
  • Билим берүүдө өлчөө жана баалоо.