БИЛИМ БАГЫТЫ:  531500-« ТЕОЛОГИЯ»

ДОКТОРАНТУРА (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Кыргыз Түрк Манас Университетинин миссиясы Теология багыты боюнча докторантура (PhD) программасы;

Коомду жетектей турган илимий жана адеп-ахлактык шаймандарга ээ, ислам динин обьективдүү жана анализдөө көз карашы менен негизги булактардан үйрөнүү; Ар кандай ишенимдерге жана агымдарга таандык адамдарга толеранттуу мамиле кылган адамдарды тарбиялоо жана бул багытта зарыл болгон илимий негиздерди алуу үчүн усулдук маалыматтарды берүү.

Бул программанын алкагында билим ала турган студенттерге Ислам илимдеринин чөйрөсүндөгү билимдерди, адабияттарды жана практиканы тааныштыруу, аларга изилдөө, талдоо, аналитикалык ой жүгүртүү жана чечим кабыл алуу сыяктуу жөндөмдөрдү берүү болуп саналат. Ошондой эле аларды натыйжалуу милдеттерди жана жоопкерчиликтерди алууга даярдоо негизги миссияларыбыздын бири болуп эсептелет.

Теология багытындагы докторантура программасы, улуттук жана эл аралык деңгээлде билимди практикалык жана фундаменталдык изилдөөлөр менен гана чектелип калбастан, ислам илимдери менен ар кандай дисциплиналар аралык маселелерди камтыган көз караштарды үйрөтүүгө салым кошууга багытталган.

Докторантура программасы боюнча сабак бере турган окутуучулук курам Ислам илимдери боюнча  Ислам дүйнөсүндө да, Орто Азияда да жана Түркиядагы да, академиялык чөйрөдө иш алып баруу менен биргеликте студенттердин да бул багытта тажрыйба алууларына шарт түзөт.

МАКСАТ

Ислам илимдери жаатында ар кандай илимий, теориялык жана практикалык изилдөөлөрдү жана иликтөөлөрдү жүргүзүү менен Теология жаатында керектүү болгон жогорку деңгээлдеги / квалификациялуу жумушчу күчүн даярдоону камсыз кылууга багытталган. Бул максатка жетүү үчүн талап кылынган бардык академиялык иш-чаралар, ар бири алгач Түркиянын ар кандай жогорку окуу жайларында кызмат өтөгөн жана биздин бөлүмдүн профессордук окутуучулк курамы бул жааттагы адистерди дайардоодо чоң салым кошот.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Программа Теология багыты боюнча магистратура же адис даражасына ээ болгон студенттер үчүн докторантура билимине ээ болуу мүмкүнчүлүк берет. Теология багытынын докторантура программасынын айрым тармактары төмөнкүдөй:

  • Кураны Карим жана Кыраат
  • Тафсир
  • Хадис
  • Келам
  • Ислам укугу (фыкх)
  • Ислам мазхабтарынын тарыхы
  • Мистика
  • Араб тили адабияты

Теология багытында докторантура бөлүмүн аяктаган студенттер жогоруда айтылган тармактардын биринин адиси болушат. Ошондой эле бул багытта билим алган студенттер төмөнкү багыттарга байланыштуу курстарга катышуу менен Ислам илимдери боюнча кенен маалыматтарга ээ болушат:

  • Диндер тарыхы
  • Дин педагогикасы
  • Дин психологиясы
  • Дин социологиясы
  • Дин философиясы

Докторантураны жүзөгө ашырууда колдонула турган беш (5) аудитория, эки (2) лекциялык зал жана Факультеттин китепканасы бар. Бул багыттагы студенттерге PhD докторантура программасында улуттук жана эл аралык илимий ресурстарга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Борбордук Азиянын ири булагына ээ болуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Түрк Манас Университетинин китепканасы акысыз кызматтарды жана маалымат базаларын сунуш кылат.

Докторантура программасы боюнча үч (3) профессор, беш (5) доцент жана сегиз (8) ага окутуучу билим берет. Айрымдары чет өлкөлөрдө докторлук даражага ээ болгон профессордук-окутуучулук курам өз макалалары, китептери, долбоорлору, симпозиуму же илимий изилдөөчүлөрү менен биргеликте илимий сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүп, ар кандай илимий иш-чараларга активдүү катышып келишет.