БИЛИМ БАГЫТЫ:  580200-« МЕНЕДЖМЕНТ»

ДОКТОРАНТУРА (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Менеджмент багыты боюнча докторантура программасынын миссиясы – докторанттарыбыздын; билим алуусунда жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү негиз алуу менен заманбап жана керектүү менеджерлик билим, инструмент жана ыкмаларды үйрөнүүсүн камсыз кылуу; глобалдык бизнес чөйрөдө ийгиликтүү карьерасын колдоо үчүн менеджерлик көндүмдөргө жана компененттүүлүккө ээ болуусун күчтөндүрүү; стратегиялык жана тутумдук ой жүгүртүү жөндөмү менен атаандаштыкка жөндөмдүү менеджер жана лидер болуусуна жардам берүү; көз карандысыз аудит теориясына жана практикасына багытталган когнитивдик жабдууларды камсыз кылуу менен, үйрөнүүнү үйрөнүү, этика жана коомдук жоопкерчилик баалуулуктарына ээ болуусуна жардам берүү.
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Менеджмент багыты боюнча докторантура программасы, жалгыз гана менеджмент багыты менен чектелбестен, ар кандай дисциплиналар аралык темаларды камтыган көз караш менен практикага багытталган жана фундаменталдык изилдөөлөр аркылуу улуттук жана эл аралык деӊгээлде билимге салым кошууну максат кылат.
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Менеджмент багыты боюнча докторантура программасында билим берген профессордук-окутуучулук курамы, академиялык адистик багыттары боюнча институционалдык жана жеке деңгээлдерде жүзөгө ашырылган долбоорлор аркылуу  жеке бизнес тармагы менен, ошондой эле Түркиядагы жеке сектор, мамлекеттик жана жарандык коомдук уюмдар менен кызматташууну көздөйт.

МАКСАТ

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Менеджмент багыты боюнча докторантура программасы, өз багыты боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университети алган жол баштоочулук ролду жана анын эл аралык деӊгээлде таанылышын илимий изилдөө жана билим берүүдөгү заманбап өнүгүүлөр негизинде улантуу менен аны өнүктүрүп, келечектин квалификациялуу менеджерлерин даярдоону, илимге жана коомдук өнүгүүгө салым кошууну максат кылат.  

Университеттин уставына ылайык Түркиянын жогорку окуу жайларында иштеген жана өз багытында адистешкен окумуштуулардын бөлүмүбүзгө беш жылдан кем эмес убакытка  дайындалышы максаттарыбызды ишке ашырууга чоӊ салым кошууда.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Менеджмент багыты боюнча докторантура программасынын кээ бир илимий багыттары төмөнкүлөр:

  • Аудит
  • Маркетинг
  • Адам ресурстары
  • Стратегиялык башкаруу
  • Бухгалтердик эсеп
  • Өндүрүштү башкаруу
  • Сандык методдор
  • Финансы

Менеджмент багыты боюнча докторантура программасын аяктаган докторанттар жогоруда белгиленген багыттардын бири боюнча адис болушат.

Менеджмент багытында магистратура же адистик даражасына ээ болгон студентер үчүн докторантурага тапшыруу мүмкүнчүлүгүн сунат.

  1. Докторантура программасын жүзөгө ашырууда алты (2) аудитория, эки (4) семинар залы, компьютердик лаборатория бар. Менеджмент багыты боюнча докторантура программасында окуган докторанттардын улуттук жана эл аралык илимий булактарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн Орто Азиянын эӊ ири булактарына жетүү мүмкүнчүлүгү болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин маалымат базасы Китепкана башкармалыгы тарабынан бардык студенттерге акысыз кызмат көрсөтөт.  Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин борбордук жана башка аймактардагы үч башка китепканасы миӊдеген басылмаларды студенттерге акысыз түрдө сунулат.  
  2. Докторантура программасындагы окутуу иштери, учурда толук ставкадагы эки (2) профессор PhD, үч (3) доцент PhD, эки (2) доценттин милдетин аткаруучу PhD жана бир (1) ага окутуучу PhD курамынан турган, өз багыттарында адис болгон сегиз (8) окутуучу тарабынан жүргүзүлүүдө. Аталган окутуучулардын баары толук ставкадагы окутуучулар болуп саналат. Бул окутуучулардын кээ бирлери докторантураларын чет өлкөлөрдө аякташкан. Бардык окутуучулар өз багыттарында адистешкен изилдөөчүлөр менен дайыма чогуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт жана илимий иш-чараларга катышышат. Төрт (4) окутуучу Түркиянын кадыр барктуу университеттеринен бөлүмүбүзгө кеминде беш (5) жылга дайындалган менеджменттин ар кандай багыттарында адистешкен илимпоздор. Менеджмент багытында жыл сайын Түркиядан келген эӊ аз беш (5) изилдөөчү милдет аткарат.
  3. Докторантура программасы, илимий жаӊылыктарга жана инновацияларга ылайык кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин эске алуу менен дайыма жаӊыланып турат.

Менеджмент багыты боюнча докторантура программасынын айрым илимий багыттары төмөнкүлөр:

  • Аудит
  • Маркетинг
  • Адам ресурстары
  • Стратегиялык башкаруу
  • Бухгалтердик эсеп
  • Өндүрүштү башкаруу
  • Сандык методдор
  • Финансы