Кыргыз-Түрк Манас университетинде студенттери 1-2 семестрде жалпы 4 кредиттик англис тили сабактарын милдеттүү түрдө окушат. Студенттер университетке келип катталгандан кийин, эгерде англис тилин окуп-үйрөнүүнү кааласа, тил билүү деңгээлин аныктоо сынагына катышат жана англис тилин кайсы деңгээлден баштай тургандыгы аныкталат. Тил билүү деңгээлин аныктоо сынагында сабактардын кредити аныкталуу менен, студенттердин документтерине жазылат. Чет тили катары милдеттүү түрдө окутулуучу сабактарды окуп жаткан студенттер өз каалоосу менен Адистик боюнча чет тили аттуу тандама сабактарга катышып, англис тилин үйрөнө алышат. 

ING  101 İngilizce I

Англис тилинин алфавити жана фонетикасына байланыштуу окуу, угуу, жазуу, сүйлөө жөндөмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган иш-чаралар; англис тилинин лексикалык минумумуна таандык сөздөрдү жана түшүнүктөрдү үйрөтүү; студенттердин пикир алышуу жөндөмүн өстүрүү; этиштин негизги чактары жана калып сөз айкаштар бул программанын мазмунун түзөт.

ING  102 İngilizce II

Негизги үч чакка кошумча этиштин башка категориялары өздөштүрүлөт; этиш сөздөрдүн башка сөз түркүмдөрү менен байланышын кыска тексттер менен үйрөтүлөт; күнүмдүк жашоодо колдонулган калып сөз, сөз айкаштарын жана жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзүүгө багытталган көнүүгүүлөр жана өтүлгөн темаларды бышыктоочу иштелмелер аткарылат.