Университет 1995-жылы өз ишин баштаган күндөн тартып 2013-жылга чейин англис тили, немис тили, орус тили жана кыргыз тили сабактары тил үйрөтүү деңгээлинде окутулуп келди. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык 2013-2014-окуу жылында факультеттердеги 1-курстун студенттерине кыргыз жана орус тилдери милдеттүү түрдө окутулуучу сабак катары киргендигине байланыштуу бул сабактардын сааты көбөйдү жана ушул эле окуу жылынын башында Чет тилдер жогорку мектебинде өз алдынча Чет тилдер бөлүмү ачылып, ал бөлүмдө кыргыз тили координаторлугу, орус тили координаторлугу, англис тили координаторлугу жана немис тили координаторлуктары өз иштерин баштады.

       Аталган координаторлуктарга таандык сабактардын ичинен англис тили бүт бардык студентер үчүн милдеттүү түрдө; немис тили айрым бөлүмдөрдө тандама сабак катары жана милдеттүү түрдө; орус тили Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн милдеттүү түрдө; ал эми Кыргызстандын жараны болуп эсептелген студенттер үчүн кыргыз тили милдеттүү түрдө окутулат.