Мүдүрдөн сөз

Мүдүрдөн учкай кеп,

“ТИЛДЕ, ПИКИРДЕ ИШТЕ БИРДИК”

Адам баласы жаралгандан бери тил аркылуу бири-бири менен пикир алышып, каалоолорун, сезим, эӊсөөлөрүн да тил аркылуу билдирип келет. Бул болсо каалоолорун ишке ашыруунун бирден бир жолу. Адамзатты башка жандыктардан айырмалап турган нерсе да ушул байланышуу куралы болуп саналган тил.

Ал эми окумуштуу жана ойчулдардын пикири боюнча тил ге ар кандай аныктамалар берилген болсо да, анын адамзат жана коомдук турмуштагы ролун жазуу же сөз аркылуу жеткирүү кыйынга турат. Белгилүү түрколог М. Эргиндин ою боюнча, «Тил – адамдардын ортосундагы пикир алышууну бекемдеген жандуу предмет, өз мыйзамдары менен жашаган жана өнүккөн жандуу предмет. Улуттардын башын бириктирген жана жалпы адамзатка таандык нерсе, ошону менен эле бирге сырдуу жана күчтүү пикир алышуу куралы».

Тил, жөн гана байланышуу куралы болуп саналбайт. Тил , адам баласына кызмат кылган бирок , ар бир адам өз мыйзамдарына жараша өзгөртө ала турган курал эмес, ал – табийгый, өзгөрбөс байланышуу куралы болуп саналат.

Тил пайда болгондон бери анын да өз мыйзамдары бар. Тилдин мыйзамдары, тилдин структурасын билдирет. Ар бир тилдин структурасы ошол тилдин мыйзамдарынын тегерегинде пайда болуп, өнүгөт. Тил мыйзамдары ошол тилдин өнүгүүсүн жана колдонулушун бекемдеп, камсыздоодо өзгөчө маанилүү. Dilin kuralları dilin düzenli yaşamasını ve kullanılmasını sağlamada önemli role sahiptir. Тил өз мыйзамдарынын ичинде жашаган жандуу курал болуп саналат. Тил да башка жандуулар сыяктуу эле туулат, жашайт жана өлөт. Эски, байыркы тилдер сыяктуу эле, өлүү тилдер да бар. Бир тил жашоо процессинде ар кандай кырдаал, шарттарга туш келиши ыктымал. Бул шарттар жана кырдаалдар анын структурасын жана нукуралыгын бузбаса, анда тилде өнүгүү, жандануу болот. А эгер тескерисинче болсо, анда тил өлүп, жок болууга учурайт. Жашоодо дайыма тилди сыйлап, тилдин мыйзамдарын сыйлап, сөздүк колдонууну адат кылуу – бул биздин негизги милдетибиз болуп саналат.

Тил – бул бир улуттун улут экенин билдирген, анын жашоосун уланткан маанилүү элемент. Тарых менен келечектин ортосундагы көпүрөнүн милдетин аткарган да, улуттун ынтымагын сактаган - ушул – тил . Тил – бир өлкөнүн орток добушу, орток туусу, ошондой эле көз карандысыздыктын символу…

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде болушу абдан чоӊ мааниге ээ. Бул жаатта бөлүмүбүзгө чоӊ жоопкерчиликти жүктөлгөн. Биз аны сыймыктануу менен ишке ашырууга дайым даярбыз.

Түрк дүйнөсүнүн ар башка аймактарынан келген студенттердин биздин университетте билим алышы бизди дайыма кубандырат. Айрыкча, магистратурада окуган студенттердин жана академиялык кызматкерлердин тил үйрөнүүлөрүнө кошкон салымыбыз чоӊ. Андан сырткары студенттер үчүн чет тилдери катары англис, немис, орус жана кытай тилдери да үйрөтүл өт. Мына ушул иштердин баары активдуу кадрлар тарабынан ишке ашырылып келүүдө.

Университетибиз ачылгандан бери бул бөлүм өз ишин мыкты аткарып келүүдө, ошол себептен бул бөлүмдө иштеген бардык кесиптештериме чын дилден ыраазычылыгымды билдирип, иштерине ийгилик каалайм. Сүйүктүү студенттерибиздин өз окутуучуларына жана алардын ишмердүүлүгүнө ишенишин каалап кетем. Студенттерибизден заманбап жашообузга керектүү лидерлер, өз өлкөсүнүн өсүп-өнүгүшүнө чоӊ салым кошо турган ийгиликтүү адистер чыгышына себепчи болуу – бул биздин негизги максатыбыз.

Проф., докт. Режаи Доган
Мүдүр