Иш-чаралар

 Англис тили координаторлугу даярдоо бөлүмүндөгү Синхрондук котормочулук, Англис тили жана адабияты, Эл аралык мамилелер жана Финанс  бөлүмүндө окуй турган студенттердин сабактарын жүргүзүп келүүдө.

 

Координаторлуктагы окутуучулар 

Англис тили координаторлугунда Кыргызстандагы  Жогорку окуу жайларында эмгектенип, чет өлкөлөрдө кесиби боюнча тажрыйба алмашып, мол тажрыйба топтоп келген жаш мугалимдер эмгектенишүүдө. Азыркы учурда координаторлукта 6 мугалим эмгектенет.

  Колдонулуп жаткан усул, ыкмалар

Илгертеден эле дүйнөнүн булуӊ-бурчунда колдонулуп келген грамматика, которуу методдорунан айырмаланып, азыркы тил үйрөтүү методдорунун негизин түзгөн түшүнүү көндүмдөрү (окуп түшүнүү, угуп түшүнүү) жана оозеки речти өстүрүү көндүмдөрү (жазуу, оозеки речь) менен байланышкан коммуникативдуу методикасы колдонулат. Кошумча материал катары аудио-видео материалдар колдонулуп келүүдө.Ал эми жеке курстарда болсо коомдун деӊгээлине ылайыкталган методикалар колдонулууда.

Максатыбыз:

Даярдоо курсунда англис тилин үйрөтүүдө  студенттердин тандаган факультеттериндеги сабактардын бир бөлүгүн англис тилинде түшүнө билүү деӊгээлине жеткирүү.Ушул максатта студенттерибизге аптасына 20 саат сабак берилүүдө. Сабактар жогоруда аты аталган методиканын негизинде жүргүзүлүүдө. Окуу материалдарынан: New English File Elementary, Pre-intermediate, İntermediate, Upper-intermediate жана Advanced   жана Q-skills for success, Reading Writing, Speaking Listening  окуу китептери менен бирге аудио-видео материалдары колдонулууда.

Иш пландары

 Окутуучулардын иш тажрыйбаларын арттыруу максатында ай сайын семинарлар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле аларды эл аралык конференцияларга, семинарларга катышууга үндөө.