Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Кыргыз тили координаторлугу  алгач 1998-жылы түзүлгөн. КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин курамында  билим берүүнү Тынчтык проспектиси  №56 дарегинде жайгашкан башкы имаратта өз ишин уланта баштады. Билим берүүнүн сапатын дагы да арттырууда  Кыргыз тили координаторлугу четте калбай өз салымын кошуп келүүдө. Ага Кыргызстанда алгачкылардан болуп чет тилдүү студенттерге «Кыргыз тили» (Башталгыч, Орто. Жогорку) окуу китебин жана «Тил башат» Көнүгүүлөр жыйнагын түзүп, алар жаңычыл окуу комплекстери катары таанылып, КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Дипломуна(2006) арзыгандыгын айтсак болот.  Окутуу алдыңкы заманбап усул-ыкмаларда жүргүзүлүп, көп жылдар бою республиканын дээрлик бардык региондорунда «Жаңычыл методикада сабак берүүнүн усул-ыкмаларын таанытып», республиканын Жогорку, орто-кесипчилик жана мектеп-гимназияларына  үйрөтүүчү-практикалык Семинар-тренингдерди (2004-2012-ж.) уюштуруп, өткөрүп келди. Аты аталган Кыргыз тили координаторлугун  алгач жетектеген, азыркы ЧТЖМнин мүдүрү, фил.ил. канд., доцент Таалай Абдиев болуп саналат. Андан кийин ага окутуучу Э. Кубатов, фил.ил. канд. К. Кулалиева, ага окутуучу З. Мажитова, Тойчу Үсөналиевдер координаторлукту жетектеп келишти. 2019-жылдын декабрь айынан бери Кыргыз тил координаторлугун тажрыйбалуу окутуучу Аскатбек Мамадиев жетектеп келүүдө.