2023-02-17

"ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ ОРУС ТИЛИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ КОДДОРДУН ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРЛЕРИ" ДЕГЕН ТЕМАДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ.


“Түрк тилин үйрөтүүдө орус тилине байланыштуу коддордун терс таасирлери” аттуу семинарда кыргыз тилдүү студенттерге түрк тилин үйрөтүүдѳ даярдоо курсундагы студенттердин жазуу жана сүйлѳѳ жөндөмдөрүндө кетирген каталары кѳп учурда орус тилиндеги сѳздѳрдү көчүрүп колдонуунун негизинде жасалат. Кыргыз тилине орус тилинен көчүрүлүп колдонулган, о.э. кыргыз жазуу тилинде жана адабий тексттеринде активдүү колдонулган грамматикалык түзүлүштөрдү белгилүү критерийлер менен аныктоо керек. Бул аныктамалардын негизинде окутуучулар кетирилген каталарды оңдоого мүмкүнчүлүк таба алышат. Бул семинарда сунушталган эки негизги ыкманын биринчиси, түрк тилинин типологиясына карама-каршы келген түзүлүштөрдү кайталоо ыкмасын колдонуу аркылуу оңдоо; экинчиден, өзүн-өзү оңдой турган колдонмолорду колдонуу. Семинардын катышуучулары этиш негиздүү каталарда түрк тилиндеги этиштердин формасын кайсы учурда толуктап тизмектөө туура экенин, ал эми лексикалык кодду көчүрүүдө семантикалык сөздөрдү түшүндүрүү менен каталарды азайтууга болорун айтышты. Катышуучулар бул маселени чечүүдѳ кайсы ыкманы колдонуу аркылуу ишке ашканын мисалдар менен айтып беришти.

Түрдүү кыймыл-аракеттерден улам тил үйрѳнүүдѳ, о.э. когнитивдик лингвистика боюнча тилди окутууда ар кандай теорияларды практика жүзүндѳ ишке ашыруу менен, бул маселенин чечүү ыкмалары сунушталууда. Ошондуктан келечектеги изилдөөлөрдө тема боюнча ар кандай ыкмалар жана чечүү сунуштары иштелип чыгышы мүмкүн.