2023-01-23

ОРУС ТИЛИ ЧЕТ ТИЛИ КАТАРЫ САБАКТАРЫНДА СТУДЕНТТЕРДИН ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУГУ: ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨ” ДЕГЕН ТЕМАДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ.


2023-жылдын 19-январында Жогорку чет тилдер мектебинде Светлана Парманасованын “Орус тили чет тили катары сабактарында студенттердин функционалдык сабаттуулугу: текст менен иштөө” деген темада семинар болуп өттү. Докладдын негизги түшүнүктөрү функционалдык сабаттуулук, функционалдык сабаттуулуктун түрлөрү, функционалдык окуу сыяктуу терминдер болду.

Баяндамачы угуучулардын көңүлүн функционалдык окуунун стратегияларына, чет тили катары орус тили сабагында тексттер менен иштөө стратегияларына бурду. Светлана Парманасова окуу материалын тартуулады – Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы “Маңкурт жөнүндө баян” текстинин ылайыкташтырылган варианты. Баяндамачы текстке чейинки жана тексттен кийинки тапшырмаларды, активдүү лексика менен иштөөнү, талкуулоо үчүн суроолорду жана иштин негизги жыйынтыгы – студенттердин өздөрүнүн жазуу тексттерин көрсөттү.

Семинарда ар бир теориялык материал практикалык материал менен коштолду, ошондуктан семинардын катышуучулары студенттердин сунуш кылынган тапшырмалары менен аткарган иштерин көрүп, алардын жазган тексттерин окуй алышты.

Семинардын катышуучулары орус тилин чет тили катары сабактарда функционалдык окуунун натыйжалуулугун көрө алышты. Семинарга 23 мугалим катышты.