2021-11-18

ЖЫЛ САЙЫН УЮШТУРУЛГАН «SPELLİNG BEE» КОНКУРСУ ӨТКӨРҮЛДҮ


Университетибиздин башкы имаратынын жыйындар залында жыл сайын уюштурулуучу «Spelling Bee» конкурсу 2021-жылдын 12-ноябрында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Англис тилин үйрөтүү координаторлугу тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын катышуучуларынын кызыгуусун жараткан жана шаӊдуу өткөн бул конкурстун ардактуу коногу жана калыстар тобунун башчысы катары университетибиздин Гуманитардык факультетинин деканы проф., докт. Ахмет Беше жана калыстар тобунун мүчөлөрү катары Чет тилдер бөлүмүнүн окутуучуларындан докт. Алтынай Токтоматова жана Зарина Жайлобаева чакырылган.

Аталган конкурстун катышуучулары татаал сөздөрдү тамгалап айтып берүү жөндөмдөрүн көрсөтүп, жеңишке жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшашты. Конкурстун жыйынтыгында 1-орунду Бегайым Маматова, 2-орунду Элизана Касымова, ал эми 3-орунду Зарина Токтахунова жеңип алышты.

"Spelling Bee" конкурсу жеңүүчүлөргө белектерди тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.