«Бухгалтердик эсеп өткөндүн кынтыксыз судьясы, учурдун керектүү жетекчиси жана келечектин ишеничтүү кеңешчиси болуп эсептелет»
И.Ф. Шер
Программанын максаты
Кыргызстанда өсүп жаткан жеке сектор, активдүү ишкердик жана туруктуу каржылык өнүгүү үчүн квалификациялуу адистерге болгон муктаждык экономика тармагында чоң потенциалды шарттайт. Бирок, профессионалдуу бухгалтерлердин жана экономисттердин жетишсиздиги көп тармактарда өнүгүүнү жайлатууда. «Экономика жана бухгалтердик эсеп» программасы – бул эсепке алуу, анализ жана каржылык пландаштыруу багытында теориалык билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ заманбап адистерди даярдоого багытталган.
Программанын негизги максаты — каржы-экономикалык структураларда, мамлекеттик мекемелерде, жеке компанияларда жана эл аралык уюмдарда натыйжалуу иштей алган турган кесипкөй адистерди даярдоо.
Биздин милдеттер
Практика өтүү мүмкүнчүлүктөрү
Биздин студенттер окуу учурунда 3 семестр практикадан өтүшөт. Практика төмөнкү мекемелерде өтөт: мамлекеттик жана жеке уюмдардын бухгалтерияларында, банктарда, салык органдарында, кичи жана орто бизнестеги ишканаларда.
Практиканын артыкчылыктары:
Биздин өнөктөштүк мамиле аркылуу студенттер:
Программаны иштеп чыгуу процесси
Программа 2005-2006-окуу жылында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кесиптик колледжинде эмгек рыногунун талаптарын жана эл аралык билим берүү стандарттарын эске алуу менен иштелип чыккан. Колледж алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2009-2010-жылдары бүтүргөн.
Программанын өзгөчөлүктөрү:
Бул программанын бүтүрүүчүлөрү ар кандай тармактарда суроо-талапка ээ болуп, жумуш берүүчүлөрдөн оң пикирлерди алып, кесиптик жактан өсүп жатышат.
Иштөө тармактары
Бул багыттан алган квалификация бүтүрүүчүлөргө төмөнкүдөй экономика жана финансы тармактарында иштөөгө мүмкүнчүлүк берет:
Бухгалтер жана экономист кесиптери Кыргызстанда гана эмес, каржы сектору өнүгүп жаткан чет мамлекеттерде да суроо-талапка ээ. Бул бүтүрүүчүлөргө туруктуулукту, карьералык өсүүнү жана андан ары билим алууга шарт түзөт.
Түздөн түз которуулу мүмкүнчүлүктөрү
Программаны ийгиликтүү аяктаган студенттер бакалавриат программаларына түздөн түз которуу системасы аркылуу окуусун уланта алышат.
Бизде билим алуу – бул сиздердин кызыктуу жана перспективдүү карьераңарга биринчи кадамынар.