Максаты:

Тездик менен өзгөрүп жана өнүгүп жаткан иш дүйнөсүнүн керектөөлөрүнө жооп бере турган маалымат, технология жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон, офис иштерин заманбап башкаруу принциптери жана техникаларына ылайыктуу колдоно билген  жетекчинин иштерине активдүүлүк менен салым кошкон жана иш ордунда эффективдүүлүктү жогорулаткан жогорку деңгээлдеги офис жетекчилерин жана жетекчи ассистенттерин чыгаруу максатын коюдабыз.

Офис менеджмент программасында студенттерди, пассивдүү чөйрөдөн чыга алган, демилгечи, коомдук, жаратуучу, ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, кесиптик билими жеткиликүү, тездик менен өнүгүп жаткан офис менеджмент техникаларын жана технологиясын өздөштүрө алган, “САПАТТУУ ОФИС МЕНЕДЖЕРЛЕРДИ жана ЖЕТЕКЧИ АССИСТЕНТТЕРДИ” тарбиялоо биздин конкретүү максатыбыз.

Мүдөө-максаттарыбыз:

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кесиптик жогорку мектебиндеги офис менеджмент программасында берилген 4 жарым жылдык билим берүү максатыбыз, студенттерибизди сапаттуу  кесиптин ээси кылып чыгаруу.

Официалдуу кыска мөөнөттүү билим берүү менен иш дүйнөсүнүн ар кыл тармактарында муктаждыктарды жою үчүн даярдала турган офис ишчилерин жана өмүр бою үйрөнүүгө далалат кылган кесиптик кызматкерлердин индивиддик жана кесиптик жактан өнүгүшүнө салым кошуу максаты.

Изилдөө- Өнүктүрүү жана Долбоор алкагындагы иш чаралар менен иш дүйнөсүнүн жана коомдун офис менеджмент тармагына байланышкан муктаждыктардын аткарылышы.

Офис менеджмент жана жетекчи ассистентигине байланыштуу маалымат каражаттарын басып чыгаруу иш аракеттерин ишке ашыруу максаты коюлган.

Өнүгүү процесси:

Учурдагы иш дүйнөсү, тез өзгөрүү жана өнүгүү процессинде болуп, жаңы менеджмент теориялары өнүктүрүлгөн жана тажрыйбаларга багытталган бир абалга туш болду. Бул түзүлүш ичинде катчылык кесиби да чектелген иштерди гана жасай алган жана кокустан пайда болгон кесип эмес, уюм ичиндеги өзүнө тиешелүү болгон милдеттерди аткара билген системалык түзүлүшкө айланды. Бул өнүгүүлөрдүн натыйжасында милдет жана жоопкерчиликтерин жана катчылык деген түшүнүктү, жетекчи ассистенти деген түшүнүккө айлантты. Кесип , күнүмдүк жана жеңил офис жана катчылык иштеринен, жетекчилердин милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аткарууда жардамчы болгон офис менеджер жана жетекчи ассистентигине чейинки ар түрдүү баскычтарды камтыйт. Бул өзгөчөлүктөрү менен жетекчи ассистентиги, ийгиликтүү башкаруучулардын колдоосуна ээ болгон кесип катары кызыгууну жаратууда.
 2005-2006 окуу жылында ачылсын деген чечим чыгарылып Офис менеджмент программасын, 2009-2010 окуу жылында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду.

Иш-чаралары:

4 жарым жылдык процесс ичинде окутулган Ата мекен тарыхы, философия жана чет тилдери сабактарында студенттердин жалпы маданияты жогорулайт. Чет тил билими милдеттүү түрдө англисче же орусча окутулат. Каалаганына жараша француз жана кытай тилинде билим берилүүдө.

Математика, мааламыттарды башкаруу жана технологияны колдонуу сабактары менен студенттердин так илимдер билими жогорулатууда. Офисти башкаруу процесси, офис технологиясы, жыйналышты башкаруу, менеджментти башкаруу жана буга байланыштуу максатталган рынок/топтор менен байланышы максаттуу топтордун байланыш каражаттары, мамлекеттик-менчик секторлор байланыштары, негизги бугхгалтердик эсеп иштери жана мисалдардын колдонуу менен студенттердин кесиптик жөндөмдүүлктөргө ээ болушун камсыз кылууда. Коом менен байланыш жана иш этикасы темалары аркылуу студенттердин этикалык  баалулуктарга ээ болушун ээ болушун камсыз кылууда. Жалпы менеджмент түшүнүгү менен студенттердин иштери менен байланышкан толуктоолор терең жөндөмдүүлктөргө  ээ болушун камсыз кылууда. Жалпы менеджмент түшүнүгү менен студенттердин иштерине байланышкан толуктоолор терең жөндөмдүүлктөргө  ээ болушун камсыз кылууда.

Офистердин жашообуздагы орду жана иш- аракеттери, расмий жазышуулар, көктөө жана архивдештирү техникалары, иштин этюду/долбоору, иштин керектөөлөрү жана иштин анализи жана өзгөчөлүктөрү эң кичинекей бөлүктөрүнө чейин берилип алардын активдүүлүктөрүн жогорулатууда.

Офистерде иштегендердин иш процесстерин эң жакшы каралышы жана убакыттардын эң оптималдуу/ылайыктуу деңгээлде бааланышы үчүн  информатика системалары жана технологиялардан эң жогорку деңгээлде  пайдаланылышы керек. Бул е-mailдерин, жолугушууларды, милдеттерди жана күнүмдүк жасай турган иштерин компьютер аркылуу колдонуу жана бири-менен ой жана иштерин бөлүшүп иштөөнү  орундатууда.

Adobe Photoshop жана Corel DRAW программаларын жардамы менен студенттерибизге логотип, брошюра, кол жазма жарыясы, бланкалуу кагаз, афиша, визиттик карточка, чакыруу кагаздары, ж.б.у.с.  жазуу түрүңдөгү жаратуу стадиялары окутулууда. Microsoft Office 2007 Professional Edition, Adobe Photoshop CS3, Corel DRAW X4, Acd See 2009, Adobe Acrobat Professional 9, Microsoft Visio 2007, Microsoft Publisher 207, Mind Manager 8, Microsoft Project Manager 2007 жб. программалар да айрыкча окутулуп студенттерибизди ар кайсы тармакта ийгиликтүү болушу үчүн максатталган. Студенттерибиздин дизайнердик жөндөмдүүлктөрүн дагы да өздөштүрүү максаты менен Open Source Joomla системаларын пайдаланып жеке web сайт дизайны үйрөтүлүүдө. Adobe Photoshop программасында жасалган баардык тажрыйбаларды кайталоо, практикалык photoshop мисалдары, башка программалар менен photoshop байланышы, бирден көп программа менен бир мезгилде колдонулушу ж.б. иштер менен  студенттерибизге практика болууда.

Офис менеджмент программасында окуган студенттер жалпысынан алганда сабактарын Model Офис жана компьютердик лабораторяларында көбүнчө практика жүзүндө көрүлүүдө. Сабактардын дагы жакшы түшүнүлүшү үчүн аудио жана видео видео материалдар колдонулууда, керек болгон жерлерде болсо, интерактивдүү практикаларга орун берилүүдө. Аталган лабораториаларда студенттерге, секторлорго багытталган дизайн практиклык сабактары, расмий жазышуу иштери, офистердин арасындагы байланыш практикалары/тажрыйбалары заманбап технология жана компьютер каражаттары аркылуу жасалууда, билим берүү саякаттары, бул маалыматтарды практикалык түрдө бекемдөөгө арналган. Кыскасы, студенттердин окуп жаткан программасы боюнча “Офис менеджмент,” тармагында  алган билимин толуктоо менен көп тараптуу маалыматтарга ээ болууда.

Бул максатта түзүлгөн билим берүү программасындагы сабактар, теориялык билимдер менен бирге практикалык сабактар басымдуулук кылып тандалууда. Программабызда билим алып жана окуп жаткан баардык студенттер, офис менеджмент, офистерде технологияларды колдонуу, менеджменти башкаруу жана Бухгалтердик эсеп сабактарынан алган теориялык билимдери университетибиздин заманбап лабараториясында практика жүргүзүү менен тереңдетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат. Университетибиздин бөлүмдөрүндө жана макулдашылган ишканаларда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Техникалык кыдыруулар жана техникалык билимидер  аркылуу студенттерибизди иш жашоосуна даяр кылуу максатындабыз.

Түздөн түз бөлүмдөн бөлүмгө которулуу:

Бул программаны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз түздөн түз бөлүмдөн бөлүмгө которулуу (DG) жоболорунун негизинде которулуу укугуна ээ болушса;

  • Офис менеджер окутуучусу,
  • Коом менен байланыш,
  • Коом менен байланыш жана рекламачылык,
  • Коом менен байланыш жана таанытуу,
  • Менеджмент билимин башкаруу ,
  • Ден-соолук мекемелерин башкаруу
  • Информатикалак системаларды башкаруу,
  • Рекламачылык жана коом менен байланыш

Бакалавр программаларына түздөн-түз бөлүмдөн бөлүмгө которулуу жасай алат.