Максат:

  • Окуу мезгилинде чет тил сабактарына көп көңүл бурулат. Окутуу тилдери түркчө жана кыргызча менен биргеликте англис жана орус тилдери да жетиштүү денгээлде үйрөтүлөт.
  • Студенттерге башкаруучулук жөндөмүн үйрөтүүчү теориялык сабактар берилет.
  • Практикалык сабактарга көп маани берилет, студенттердин өздөрүнүн бөлүмүнө байланыштуу сабактар жогорку денгээлде өткөрүлөт.
  • Студенттердин окуудан сырткары да өздөрүн өнүктүрүү үчүн кесиптик жогорку мектептин практика өтүүчү жерлерди колдоно алышат жана бөлүмдөрүнө байланыштуу кесиптик кыдырууларга маани берилет. Студенттердин өздөрүнүн бөлүмүнө байланыштуу иш жерлерин дагы да жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Бүтүрө турган студенттер жетиштүү иш тажрыйбасына ээ болуш үчүн 3 жолу практика кылуусун үгүттөйбүз. Практиканы пайдалуу жана талапка жооп берген сапаттагы ишканаларда өтүү үчүн, ишканаларынын эң жакшысы болгон туризм ишканалары менен кызмат байланышы түзүлгөн жана ошол үчүн студенттер төрт жылдык билим аягында олуттуу бир иш тажрыйбасына ээ болуусун көзөмөлдөйт.

Өнүгүү процесси:

2011-2012 билим берүү жылында эки жылдык кесиптик жогорку мектеби туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмү өз ишин баштаган. Бул программанын ичинде теориялык жана ошону менен катар студенттердин ар кандай тармактарда кыска убакыт ичинде практика жүзүндө үйрөнүүсүнө басым жасалат. Бул максатта университетибизде орун алган практикалык ишибизге ыңгайлуу тамак-аш сервиси, ашкана кабылдамасы, компьютер жана тазалоо кызматтарын аткарган лабораториябыз жайгашкан. Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүндө берилген билим программасына бүтүрүүчүлөрүбүз жайгашкан ишканалар тарабынан, керек болсо иш менен камсыз кылуу тармагы дагы оң билдирүүлөр менен ыраазычылыгын билдиришкен.

Иш-аракеттердин багыттары:

Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүн бүтүргөндөргө "Туризм ишкери" наамы берилет. Туризм иштетүү бөлүмүнүн кесиптик адистери мейманкана жана мотельдерде, кабылдама кардарлардын кирүү-чыгуу, багаж, касса иштерин алып барат. Конок тосуу иш-чараларын, мейманкана жана мотельдердин бөлмөлөрүн жана жалпы колдонулган бөлүмдөрдүн тазалыгын көзөмөлдөөсүн, ашканалардын талапка жооп бере тургандай сапат жана баасы жагынан ишканаларга ылайыктуу материалдарын алып, саякат ишканаларында, өлкө ичи менен өлкө сыртында боло турган турларды уюштуруу сыяктуу иштерин жасайт. Туризм ишкерлери мейманкана, мотель сыяктуу мейман тейлөө ишканаларында, саякат ишканаларында, Туризм министрлигинин ар кайсы мекемелеринде иштей алышат. Капитал ээлеринде өз бизнесин курууга мүмкүнчүлүк бар. Бул адистер ички жана тышкы туризми күчтүү өнүккөн өлкөлөрдө жана аймактарында иш таба алышат.

Түздөн түз өтүү:

Бул бөлүмдү жакшы баалар менен ийгиликтүү аяктагандар түздөн түз өтүү эрежелери боюнча;

  • Туризм жана мейманкана иши
  • Ресторан иши жана кулинардык өнөр
  • Саякат иши жана гид кызматы
  • Тамак-аш инженериясы
  • Менеджмент
  • Маркетинг
  • Коом менен байланыш жана таанытуу
  • Коом менен байланыш жана реклама

бөлүмдөрүнө түздөн түз өтүүгө укугу бар.