2023-03-02

Муундардын жолугушуусу


Кесиптик жогорку мектепте окуу жайды мурун бүткөндөр менен келечектеги бүтүрүүчүлүөрдүн жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушуу ар тараптуу жана кызыктуу өттү, себеби жолугуушунун демилгечилери болуп бүтүрүүчүлөр – Турдиев Сирождин, Керимкулов Аслидин, Эргалиев Жахонгир жана Мажидов Бахтиярлар чыгышкан. Бул бүтүрүүчүлөрүбүз 2021-жылдан бери окуу жайыбыздын мыкты окуучуларына стипендия уюштуруп, алардын окуусун сүрөп келе жатышат.

Аталган бүтүрүүчүлөр бүгүнкү күнү турмуш жолдорунда белгилүү ийгиликтерге жетишип, “буттарына туруп”, окуунун, эмгектин баркын жакшы түшүнүп калган кездери. Алар студенттерге өздөрүнүн окуу практикасын, басып өткөн турмуш жолун, анда кезиккен кыйынчылыктарды, аларды кантип жеңгендерин, ийгиликтерди кандайча багындыргандарын баяндап беришти. Бул баяндоолор студенттердин чоң кызыгуусун жаратты, суроолор көп берилди, аларга канатттанаарлык жоопторду алышты. Бүтүрүүчүлөр бүгүнкү окуп жаткандарды өз кесибин сүйүп окууга, жакшы билим алууга чакырып, ийгиликтерди каалашты.

Жолугушуунун аягында окууда жетишкендиктери бааланган студенттерге стипендия тапшырылып, мүрүрдүн жардамчысы, ага окутуучу Гүльмира Ажигулова, курулуш адистигинин координатору Кадаңбай Бактыгулов агайлар бүтүрүүчүлөргө терең ыраазычылык билдиришти жана алардын иштерине ийгилик каалоо менен узатышты.