2023-04-21

Эл аралык курулуш көргөзмөсү


Кесиптик колледжибиздин жетекчилиги жана мугалимдерден турган жамаат Бишкекте 18-апрелден 20-апрелге чейин улана турган “Курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук” аттуу эл аралык конгресс-көргөзмө форумуна катышып келди. Бул форум төрт эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү — KyrgyzBuild, EnergyExpo Kyrgyzstan, KyrgyzComex жана SafetyExpo Kyrgyzstan — бириктирүү үчүн аянтча болуп саналат.

15 өлкөдөн 100дөн ашык компания, 180 ири ата мекендик өндүрүш ишканалары көрсөтүлгөн көргөзмөдө колледжибизден барган жамаат алардын айрымдарынын өкүлдөрү менен таанышап, пикир алмашты.

Ата мекендик өндүруш ишканалары «Кыргызстанда жасалган» деген ураан астында жаңы курулуш технологияларын жана курулуш продукцияларын сунуштады.