2023-05-24

"Тушоо кесүү" салтанаты


Кесиптик колледжибиздин чоң үй бүлөөсүнүн мүчөсү болуп калган  "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын 2-курсунун студенти Карачач Эралиеванын уулу, кичинекей Нуртегиндин "тушоосу" кесилди. Бул иш чара аталган программанын координатору Абдралиева Гүлзааданын демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү колледжибиздин короосунда болуп өттү.

Бардыгыбызга маалым болгондой "Тушоо кесүү" ырымы бөбөк 1 жашка толуп, алгачкы кадамдарын шилтей баштаганда жасалат. 

Бул иш чарага мүдүрүбүз Махмут Вурал агай менен биргеликте колледжибиздин бардык жамааты катышып, салтка ылайык, студенттерибиз жарышып, алдыга озуп келген жигит Нуртегиндин "тушоосун" кести. Иш чаранын аягында чачыла чачылып, кичинекей бөбөгүбүзгө каалоо-тилектер айтылып, чакан белектер берилди.