2024-04-26

Эл аралык курулуш көргөзмө-форуму


Үстүбүздөгү жылдын 23-25-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия дана спорт академиясынын аянтында уюштурулган Эл аралык курулуш көргөзмө-форумуна колледжибиздин мүдүрү доцт.м.а. Махмут Вурал баш болгон окутуучууларыбыз профессор Эбру Дурал, доцент Гулмира Ажыгулова жана Мустафа Өжал катышып келишти.

Аталган көргөзмө-форум тажрыйба алмашуу, сапаттуу жана эффективдүү иштөө көйгөйлөрүн талкуулоо, ошондой эле ата мекендик жана чет элдик акыркы жаңылыктар менен таанышуу аянтчасы болуп калат.