2021-12-04

Студенттер аралык футбол таймашы


2021-жылдын 4-декабрь күнү университетибиздин чоң футбол талаасында окутуучу. М.Рүштү Чифтчинин жетекчилигинде Кесиптик жогорку мектебибиздин өкүлү Алтынай Мырзалиева жана “Автомобилдик транспортту техникалык тейлөо жана оңдоо” программасынын 2-курсунун студенти Милан Тормурзаевдин уюштуруусунда программалар аралык футбол турнири өткөрүлдү. Турнирге 7 команда катышты. Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду «Бухгалтердик эсеп» программасынын командасы алса, 2-орунду «Имараттарды жана курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо” программасынын 2-курсунун командасы, 3-орунду “Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер жизайны жана конструкциялоо” программасынын командасы ээледи. Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүру Махмут Вурал турнирдин уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылык сөзүн айтты. Сөз соңунда жеңүүчү командаларга, мыкты оюнчу жана мыкты дарбазачыга сыйлыктары тапшырылды.