2021-12-02

CNC станогу сатылып алынды


Кесиптик жогорку мектебибизге 2021-жылдын 2-декабрында Түркиянын ELFAMAK фирмасынан CNC станогу сатылып алынган. CNC аппараты биздин жаңы түзүлгөн цехибизге чогултулуп, орнотулду. Биздин кызматкерлер үчүн аппаратты колдонуу боюнча маалыматтык курс уюштурулган. Биринчи колдонмо катары университетибиздин логотиби жана каллиграфиясы MDF материалына саймаланган.

Заманыбыздын ажырагыс бөлүгү болгон CNC аппаратын колдоно алган Жыгач иштетүү, эмерек дизайны  жана конструкциялоо программасынын бүтүрүүчүлөрү өз тармагында эң көп талап кылынган кызматкерлер болушат.

Мындан тышкары университетибиздин жасалгалоо иштерине, сувенирлерди чыгарууга болгон муктаждыгында сыртка болгон көз карандылыгы да жоюлат.

Бизге бул колдоону көрсөткөн ректорубуз Проф.Др. Алпаслан ЖЕЙЛАН мырзага ыраазычылык билдиребиз.