2022-01-10

Эл аралык олимпиадага катышуу


Ага окутуучу Алиева Насикаттын жетекчилиги менен «Экономика жана бухгалтердик эсеп» программасынын студенттери "Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу финансы университети" (Финансы университетинин Шадрин филиалы) тарабынан уюштурулган «Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук (эл аралык катышуу менен)» боюнча Бүткүл россиялык олимпиадага катышты. Бул олимпиадага 10 ЖОЖдон 171 студент катышып, жыйынтыгында биздин студенттерибиз байгелүү орундарга ээ болушту. Анын урматына мүдүрубүз Вурал Махмут мырза жана орун басары Ажыгулова Гүлмира катышуучулардын дипломдорун, сертификаттарын жана ыраазычылык баракчаларын салтанаттуу түрдө тапшырышты. 1-даражадагы дипломго С. Замирбекова, 2-даражадагы дипломго Э. Рыскулов, 3-даражадагы дипломго А. Эсенгелдиева ээ болушту. Катышуучулар А. Жетимишова жана М. Таалайбек кызына сертификаттар берилди, ал эми окутуучу Н. Алиевага ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.