2021-11-30

Москвага сапар


2021-жылдын ноябрь айында РФ Москва шаарында Москвадагы Улуттук изилдөө мамлекеттик курулуш университетинин (НИУ МГСУ) (мурунку Москвадагы инженердик-курулуш инстиуту) негизделгендигине 100 толгондугуна байланыштуу салтанаттуу кече болуп өттү. Бул салтанаттуу мааракеге уюштуруучулардын расмий чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынан өкүл катары бул окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү - Кыргыз-Түрк Манас университетинин ага окутуучусу, т.и.к. Кадаңбай Бактыгулов, Кыргыз-Орус Славян университетинин кафедра башчысы Ордобаев Бейшенбек Сыдыкбековичтер катышып келишти. Кыргызстандык өкүлдөрдү МГСУнун ректору П.А.Акимов кабыл алып, ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташтыкты өнүктүрө берүүгө тилектештигин айтты. Өкүлдөр андан соң кафедраларда болушуп, мугалимдер менен окутуу жараяндары, колдонулуучу окуу-усулдук материалдар, жабдуулар, ыкмалар тууралуу пикир алмашышты.

Мааракенин салттанаттуу бөлүгү Кремлдин чоң сарайында белгиленди. Салтанат жогорку даражада жана уюшкандыкта өттү, чоң концерттик программа, жогорку даражалуу атка минерлердин, Москва шаарынын жана шаардын муниципалдык мекемелеринин жетекчилеринин куттуктоолору, сыйлыктарды тапшыруулар, кесиптеш жогорку окуу жайларынын куттуктоолору менен коштолду. Салтанаттуу кечеде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Хуснуллин М.Ш., РФ Президентинин жардамчысы Орешкин М.С., РФ Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Файзуллин И.Э., РФ Илим жана жогорку билим берүү мнистринин статс-катчысы Кучеренко П.А. ж.б. меймандар чыгып сүйлөшүп, куттук айтышып, окуу жайдын илимге-билимге, курулуш тармагына жогорку дасыктыктагы кадрларды даярдоодо, мамлекеттин экономикасына кошкон салымын баса белгилешти.