2021-12-15

Студенттердин курулуш тармагынын өкүлү менен жолугушуусу


Кыргыз Республикасындагы курулуш тармагында болуп жаткан көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору, курулуш тармагынын келечеги д.у.с. маселелерди талкуулоо максатында Кыргыз-Түрк Манас университетинин Кесиптик жогорку мектебинин Курулуш программасынын студенттери менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары техникалык илимдердин кандидаты, доцент Кенжетаев Камчыбек Исмаиловичтин жолугушуусу 2021-жылдын 15-декабрында болуп өттү.

Жолугушууга келген мейман студенттерге өзү жетектеген институттун аткарып жаткан иштери, анда учураган көйгөйлүү маселелер, аларды чечүү жолдору, мамлекетте курулуш тармагында орун алган жетишкендиктер жана кемчиликтер, аларга көрүлүп жаткан чаралар, курулуш тармагынын ченемдик-техникалык документтер менен камсыздалышы, институттун алкагында жүргүзүлүп жаткан илимий иштер, институттун окуу жайларынын жана окумуштуулар менен байланышы тууралуу баяндап берди.

Баяндама абдан кызыктуу деңгээлде болгондуктан студенттердин көптөгөн суроолорун жаратты, мейманга курулуш тармагы боюнча ар кандай суроолор берилди. Суроолордун бардыгына Кенжетаев К.И. толук жана ынанымдуу жоопторду берди.

Семинардын акырында Кесиптик жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Ажыгулова Г.С., Курулуш программасынын координатору Бактыгулов К. мейманга студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиришти.