2022-02-10

Түркия стипендиялары аттуу семинар өткөрүлдү


2022-жылдын 10-февралында, Түркия стипендиялары боюнча Доцент Абдуллах Эрдал Түмердин уюштуруусунда онлайн семинар өткөрүлдү. Чет  өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы боюнча адистин жардамчысы Салиха Дурсун «Түркия стипендиялары 2022 кайрылуулары» аттуу темадагы баяндамасында карала турган пункттар, тапшыруу шарттары ж.б. у.с. темалар боюнча кеңири маалымат берди.

2022 Түркия стипендиялары үчүн арыздар бир гана семестрде кабыл алынат жана арыздар 2022-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин ар бир өлкөдөн келген студенттерге ачык болот.

Түркия стипендиялары;  университеттеги бөлүмдөргө жайгаштыруу, ай сайын төлөнүүчү стипендия, университетте окуу акысы, ден соолукту камсыздандыруу, жатакана, бекер кесиптик жана академиялык программалар жана эки тарапка учуу  үчүн билет мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөдөгү абдан мыкты комплекстүү стипендия программасы катары өзгөчөлөнүүдө.