2022-10-05

Даярдоо курсунун студенттери менен багыт берүү жолугушуусу болуп өттү


Кесиптик колледжибизде Техникалык программалар бөлүмүнө өтүп, "Даярдоо" курсун окуп жаткан студенттер менен багыт берүү жолугушуусу болуп өттү. 2022-жылдын 3-5-октябрында өткөрүлгөн жолугушууга Кесиптик колледжибиздин мүдүрү Махмут Вурал, "Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо" программасынын координатору Мустафа Өжал, "Автоунааларды техникалык тейлөө жана оңдоо" программасынын координатору Мехмет Рушту Чифтчи жана 2-курстун студенттери катышты. Сөз учурунда мүдүрүбүз студенттерди ийгиликтери менен куттуктап, аларга жакшы жана жемиштүү студенттик жашоо каалады. Мындан тышкары алар окуй турган программа тууралуу маалымат берилди.