Максаты:

Ширетүү эки элементтин бири-бири менен биригүүсүн камсыз кыла турган бир өндүрүш ыкмасы болуп саналат. Негизинен металл же термопластикалуу материалдарда колдонулат. Ширетүү өндүрүшү программасы теориялык билим менен катар практикалык колдонмолордун көп болушуна негизделип, Кыргызстан өнөр жайынын жана ошол тармактагы индустриялык тармактардын муктаждыгын  канааттандырган сапаттуу ширетүүчү адистерди окутуп тарбиялоого багытталган.

Милдеттерибиз:

Программанын милдеттери;

  • Материал боюнча маалыматтарга ээ болуу,
  • Ширетилүүчү материалга жана ширетүү ишине жараша ширетүү ыкмасын аныктоо
  • Материалдын сапатын текшерип чыгуу,
  • Окси-газ, электр ширетүү, кандооч, арагон ширетүү, сууда ширетүү, MIG-MAG, күмүш инертүү газ (TIG) ширетүү, жаалык  ширетүү, лазердик ширетүү жана катуу абалдагы ширетүүлөр (күйүү, сүрүлүү, сүрүлүү аралашуу, жайылуу, Узи аппараты жана жогорку жыштык) боюнча теориялык билимге ээ болуу менен, аны иш жүзүндө колдоно билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу.  
  • Өндүрүш ыкмаларын аныктоо жана иш жүзүндө колдоно билүү
  • Баалуу эмес түстүү металлдарды бириктирүү ыкмаларын тандап колдонуу.

Бул программада окуган студенттер терең билимге жана жогорку жөндөмдүүлүктөргө ээ болуу менен бирге, материал деген эмне экенин так билип, кесибин теориялык гана жактан эмес практика жүзүндө да жакшы өздөштүрө алат.

 Өнүгүү процесси

Турмушубузда абдан маанилүү жана керектүү болгон ширетүү өндүрүшү,  технологиянын жана техниканын өнүгүүсү менен тынымсыз жаңыланууда. Материал технологиясындагы жетишкендиктер ширетүү өндүрүшүнө да өз таасирин тийгизүүдө. Ширетүү өндүрүшү айрыкча биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарынан келип чыккан муктаждыктарды аткаруу үчүн өтө тездик менен өнүгүп, маанилүү бир тармакка айланды. Өнүгүү жолуна түшүп келе жаткан Кыргызстандын өнөр жайы менен курулуш материлдары индустриясы тармактарында жогорку кваликациялуу ширетүүчүгө болгон муктаждык күн сайын артууда. Кыргыз-Түрк Манас университетинин Ширетүү өндүрүшү программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2020-2021 окуу жылынын аягында бүтүрүү пландаштырылууда.

Адистик багыттары:

Ширетүү өндүрүшү программасын бүтүргөн студенттерибиз техник-ширетүүчү адистигине ээ болушат.

Ширетүү өндүрүшү программасын бүтүргөн студенттерибиз алган билимдерине жараша ширетүү өндүрүшү тармагында иш менен камсыз боло алышат деген ишенимдебиз. Айрыкча курулуш, автоунаа, айыл чарба машиналары сыяктуу тармактарындагы ширетүүгө байланыштуу иш орундарында жумуш табуу мүмкүнчүлүгү чоң.  Булардан тышкары да материалдар боюнча лабораториялык экспертиза жүргүзүү боюнча ишке орношсо болот. Ошондой эле, уюштуруучулук жөндөмү бар адистер өздөрү ишкана ачып иштетсе да болот.

Бөлүмдөн бөлүмгө которулуу:

Бул программаны ийгиликтүү аяктагандар университтетин эрежелерине ылайык коюлган талаптарга жооп берсе (DG) бөлүмдөн бөлүмгө которулуу укугуна ээ болсо;

Инженерия жана Технологиялык факультеттердин;

  • Металлургия жана материалдар инженериясы
  • Материалдар инженериясы

Материалдык илим жана инженерия, бөлүмдөрүнө.