Кыскача

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультети Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби катары 2008-жылы ачылып, 2008-2009- окуу жылында алгачкы студенттерин кабыл алган. 2012-2013-окуу жылында биринчи бүтүрүүчүлөрүн уядан учурган. 2021-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин жана Камкорчулар кеңешинин чечими боюнча Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби Спорт илимдери факультети болуп өзгөртүлгөн.

Учурда Спорт илимдери факультетинде эки бөлүм «Дене тарбия жана спорт мугалимдерин даярдоо» жана «Машыктыруучуларды даярдоо» окуу-тарбия иштерин улантууда. Ар жылы бул эки бөлүмдө окуп билим алууну каалаган, спорттун түрлөрүнөн даярдыгы бар, келечекте дене тарбия жана спорттон мугалим, спорттун түрлөрүнөн машыктыруучу болууну каалаган студенттер кабыл алынат. Бардыгы факультетке 90 студент кабыл алынат. Алардын ичинен 80 - Кыргызстандан, 4 - Түркия Республикасынан жана 6 студент - түрк тилдүү өлкөлөрдөн кабыл алынат. 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультетине келип окууну каалаган Түркия Республикасынын жарандары кирүү экзаменин - «өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагын», өзү тандап алган спорттун түрүнөн экзаменди Гази университетинин Спорт илимдери факультетинде  беришет. Экзамен июль айынын экинчи жарымында болот. КТМУ Спорт илимдери факультетине келип билим алууну каалагандар Гази университетинин сынак алуу бюросуна кайрылсаңыздар болот. Сынак тууралуу кулактандыруулар http://manas.edu.kg/ дарегине жарыяланат.

Дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнө келип окугандар «Дене тарбия бакалавры» деген академиялык даража алып чыгышат жана дене тарбия мугалими болуп иштегенге укуктуу болушат. Ал эми «машыктыруучуларды даярдоо» бөлүмүнө келип окуган студенттер «дене тарбия бакалавры» деген академиялык даража жана спорттун түрлөрүнөн машыктыруучу деген кесип алып чыгышат жана спорт клубдарда, спорттук окуу жайларында машыктыруучу болуп иштегенге укуктуу болушат.

Спорт илимдери факультетинде окуу эки тилде жүргүзүлөт: кыргыз жана түрк тилдеринде. Биринчи жылы студенттер кыргыз жана түрк тилдеринин даярдоо курсунда окуп билим алышат жана тандап алган спорт түрүнөн машыгууларга катышып, спорттук даярдыгын жогорулатышат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дене тарбия жана спорт мугалимдерин жана спорттун түрлөрүнөн машыктыруучуларды сапаттуу даярдап чыгарууга эң жакшы шарттар түзүлгөн.

Спорт илимдери факультетинде окуп билим алыш үчүн Университетте 2- стадион (2 футбол талаасы, 1 чоң теннис аянты, 2 - волейбол аянтчасы, 2 - баскетбол аянтчасы , 1 - ачык гимнастикалык паркы) 1 - бокс залы, 1 - күрөш залы, 1 - фитнес залы, , 1 - оор атлетика залы, эл аралык стандарттарга жооп берген 1 – заманбап олимпиялык жабык спорт комплекси (баскетбол, гандбол, дзюдо, үстөл үстүндөгү теннис, самбо, таеквандо жана волейбол залдары) бар.

Университетте окуган мыкты спортчуларга, Кыргызстандын жана Түркия Республикасынын улуттук командаларынын мүчөлөрүнө жана кандидаттарына олимпиялык спорт түрлөрүнөн жетишкен ийгиликтери үчүн «Улуттук спортчу» стипендиясы  берилет.

Факультетте спорттун 18 түрүнөн – баскетбол, волейбол, бокс, жеӊил атлетика, дзюдо, самбо, күрөштүн эркин, греко-рим, улуттук түрлөрүнөн, оор атлетика, шахмат, үстөл тенниси, сууда сүзүү, тогуз коргоол, ордо, футбол, армрестлинг, бодибилдинг боюнча спорттук секциялар жана курама командалар уюштурулуп, бул спорттун түрлөрүнөн милдеттүү машыгуулар өткөрүлүп турат. Ошондой эле бул спорттун түрлөрүнөн ар түрдүү мелдештер уюштурулуп турат.

Спорт илимдери факультетинин  студенттери системалуу түрдө эл аралык, республикалык мелдештерге жана чемпионаттарга катышып турушат. Факультетте азыркы учурда 1 – дүйнөнүн чемпиону (гремплинг), 3 – Азиянын чемпионаттарынын призерлору (самбо, белбоо күрөш, тогуз коргоол), 23 – кыргызстандын биринчиликтеринин призерлору, 8 – КР спорт мастери, 12 – КР спорт мастерлигине кандидат, КР Универсиадасынын 48 – призерлору окуп билим алып жана өзүлөрүнүн спорттук даярдыгын өркүндөтүп жатышат.

МИССИЯБЫЗ : 
Заманбап өсүп - өнүгүүлөргө салымын кошо алган , өлкөнүн жана дүйнөлүк билим берүү стандарттарына ылайык билим алып өз тармагында мыкты адис болгон, универсалдык баалуулуктарга ээ, рационалдуу жана илимий түрдө ой жүгүртө билген, жооптуу, этикалык нравалык баалуулуктарды өздөштүргөн жана сактаган, коом үчүн сапаттуу кызматын өтөгөнгө даяр болгон, билимдүү жана өзгөчө жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон инсанды даярдоо.

МАКСАТЫБЫЗ : 
Педагогикалык негиздеги окуу тарбия иштерин саапаттуу бере алган, профессионалдык жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо окутуу заманбап программалары бар, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзгөн, дене маданияты жана спорт тармактарында үлгүлүү болгон, коомдо жогорку беделт бар жана барктуу факультет болуу.