Декандан сөз

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультети Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби катары 2008-жылы ачылып, 2008-2009- окуу жылында алгачкы студенттерин кабыл алган. 2012-2013-окуу жылында биринчи бүтүрүүчүлөрүн уядан учурган. 2021-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин жана Камкорчулар кеңешинин чечими боюнча Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби Спорт илимдери факультети болуп өзгөртүлгөн.

Учурда Спорт илимдери факультетинде эки бөлүм «Дене тарбия жана спорт мугалими» жана «Машыктыруучуларды даярдоо» окуу-тарбия иштерин улантууда. Ар жылы бул эки бөлүмдө окуп билим алууну каалаган, спорттун түрлөрүнөн даярдыгы бар, келечекте дене тарбия мугалими, спорттун түрлөрүнөн машыктыруучу болууну каалаган студенттер кабыл алынат. Кыргызстандан ар бир бөлүмгө 40 квота, Түркия Республикасынан – 4  квота жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн – 6 квота бөлүнгөн. Бардыгы болуп факультетке 90 студент кабыл алынат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультетине келип окууну каалаган Түркия Республикасынын жарандары - «өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагын», өзү тандап алган спорттун түрүнөн Гази университетинин Спорт илимдери факультетинде тапшырышат. Сынак июль – август айларында болот. КТМУ Спорт илимдери факультетине келип билим алууну каалагандар Гази университетинин сынак алуу бюросуна кайрылсаңыздар болот. Сынак тууралуу кененирээк маалыматты http://manas.edu.kg/ сайтынан алсаңыздар болот.

Спорт илимдери факультетинде окуу эки тилде жүргүзүлөт: кыргыз жана түрк тилдеринде. Биринчи жылы студенттер кыргыз жана түрк тилдерин даярдоо курсунда окуп билим алышат жана тандап алган спорт түрүнөн машыгууларга катышып, спорттук даярдыгын жогорулатышат Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дене тарбия жана спорт боюнча мугалимдерди, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча машыктыруучуларды даярдоого жакшы шарттар түзүлгөн.

Факультетте спорттун 20 түрүнөн – баскетбол, волейбол, футбол, бокс, жеңил атлетика, дзюдо, самбо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, улуттук күрөш, оор атлетика, шахмат, үстөл үстүндөгү теннис, сууда сүзүү, мини-футбол, ордо, фитнес, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча окуу-

Факультеттин студенттери системалуу түрдө республикалык машыгуу процесстери системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Студенттер арасында спорттун бул түрлөрү боюнча ар кандай мелдештер системалуу түрдө уюштурулуп, өткөрүлүп турат.жана эл аралык мелдештерге катышып келишет. Учурда студенттер факультетте билим алып жана спорттук чеберчиликтерин жогорулатууда, «Машыктыруучуларды даярдоо” бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айжан Анарбекова армрестлинг, бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер, дзюдо, армрестлинг жана бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөсү. Айжан Анарбекова бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын байгелүү орун ээси, бел-боо күрөшү жана мас-рестлинг боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орун  ээси.

2022-жылынын 21-24 сентябрында Түркиянын Самсун шаарында өткөрүлгөн Дүйнө университеттеринин студенттеринин федерациясынын FISU уюштурган самбо боюнча дүйнөлүк кубогуна университетибиздин 4 суденти катышып, 1 алтын, 2 коло медалын жеңип келишкен. Алар Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү, Туризм факультетинин 4-курсунун студенти Дүйнө кубогунун алтын медалынын жеңүүчүсү Мираида Медетбек кызы, Спорт илимдери факультетинин 2-курсунун студенти Адинай Алмазбекова жана Гуманитардык факультетинин 1-курсунун студенти Дильбар Юсупова коло медал ээлери.

532000 «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистратурада билим алган студентибиз Иманбек Тентиев - Азия чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү, самбо боюнча спорт чебери, Акбар Айтахунов, WTF таэквондо боюнча спорт чебери, 4-дан, 2021-жылында өткөрүлгөн Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Азиянын лицензиялык квалификациялык чемпионатында коло медал ээси .

СПОРТ ИЛИМДЕРИ ФАКУЛЬТЕТИНИН ТАРЫХЫ

Спорт илимдери факультети алгач 2008-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңешинин жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби болуп түзүлгөн. 2012-2013-окуу жылында Жогорку мектеп алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурган. Бүгүнкү күндө жалпысынан 158 бүтүрүүчү даярдалып, Кыргызстан, Түркия жана Казакстанда дене тарбия жана спорт тармагында ийгиликтүү эмгектенип келишет. 2021-жылы Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби Камкорчулар кеңешинин 2021-01 28.04.2021 № 7 чечими менен Спорт илимдери факультети болуп өзгөрүлгөн.

2018-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коомдук илимдер институтунда Камкорчулар кеңешинин 02.07.2018-жылдагы №1 чечими, ошондой эле Окумуштуулар кеңешинин Р 30.2019/GS/ÖB-14.7  08/01/2019. 532000 «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча академиялык магистр даражасын берүү менен магистратура ачылды. 2019-жылы 532000 «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча магистратурага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен лицензия алынган (№ D2019-0029 26.06.2019, Лицензия № LS190002687) .

БӨЛҮМДӨР

Спорт илимдер факультетинде «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча адистерди даярдаган эки структуралык бөлүм бар: «Дене тарбия жана спорт мугалими» жана «Машыктыручуларды даярдоо» бөлүмү. Бүтүрүүчүлөр «Дене тарбия жана спорт бакалавры» академиялык даражасын алышат.

«Дене тарбия жана спорт мугалими» бөлүмүнүн негизги максаты: студенттерге спорттук-педагогикалык, биомедициналык, физиологиялык, биохимиялык, биомеханикалык жана спорттук билим берүү; студенттерди моралдык, этикалык, эстетикалык, педагогикалык принциптер менен тааныштыруу жана аларды практикада колдонуу ыкмаларын үйрөтүү; ар тараптуу, илимий ишке жөндөмдүү, спортту жакшы өздөштүргөн, жогорку спорттук-педагогикалык даярдыгы бар, дене тарбия жана спорттун теориялык, методикалык, практикалык, илимий негиздерин билген адистерди даярдоо.

«Машыктыруучуларды даярдоо» бөлүмүнүн максаты – этикалык нормаларды сактаган, илимий-техникалык прогресс жаатында билимге ээ болгон тандалган спорт түрлөрү боюнча квалификациялуу машыктыруучуларды, Дүйнөлүк жана Олимпиадалык оюндарга, чемпионаттарга катышууга даяр спортчуларды, ар кандай курактык категориялардагы топтор үчүн программаларды даярдоого жана иштеп чыгууга жөндөмдүү спортчулар, инновацияларды кабыл алуучу жана коомдо сергек жашоо образын жайылтуучу адистерди даярдоо.

Студенттердин дүйнөдөгү бардык спорт уюмдарында жана мекемелеринде тандап алган спорт түрлөрү боюнча иштөө мүмкүнчүлүгүн, илимий билимдерин, машыктыруучулук жана окутуучулук жөндөмүнө ээ болуусун жана  бир чет тилин билүүсүн камсыз кылуу.

Бул программалар боюнча окуу мөөнөтү беш жыл, анын ичинде даярдоо тил курсу кирет. (1+4). Даярдоо курсунда Кыргызстандан келген студенттер түрк тилин, Түркиядан келген студенттер кыргыз тилин, башка өлкөлөрдөн келген студенттер кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнүшөт.

«Дене тарбия жана спорт мугалими» бөлүмүндө бүгүнкү күнгө чейин жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенип келишет. Бөлүмдө 2016-2017-окуу жылынан баштап штаттык негизде 1 профессор, 1 доцент, 2 ага окутуучу, илимдин кандидаты, 4 ага окутуучу эмгектенип келишет. Бул кызматкерлерден тышкары жарым ставка жана сааттык негизде окутуучулар бар: 2 - доцент, 1 - ага окутуучу, илимдин кандидаты жана 1 – ага окутуучу.

2016-2017-окуу жылынын бери «Машыктыруучуларды даярдоо» бөлүмүндө 1 доцент, 1 ага окутуучу илимдин кандидаты, 2 окутуучу штаттык негизде эмгектенип келишет. Ошондой эле 1 ага окутуучу жарым ставкалуу негизде бир мугалим сабак берет.

Профессор, доктор
Канат Джанузаков

Декан