2026-03-09

«Ак калпак жана калем» поэзия кечеси өткөрүлдү


Маданий мурасты сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жаштар Парламенти менен биргеликте факультетибиздин Дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнүн 2-курс студенттери ага окутуучу Арина Казакбаеванын жетекчилиги алдында «Ак калпак жана калем» аттуу поэзия кечеси уюштурулду.

2026-жылдын 5-мартында Бишкек шаарындагы Garden Hotel мейманканасында өткөн программада ак калпак, мекенди сүйүү жана жарандык активдүүлүк тууралуу ырлар окулду. Кеченин алкагында төкмө акындар жана манасчылар катышып, иш-чаранын көркүн ачышты.

Ошондой эле жаштарга кыргыз элинин маданий мурасы болгон ак калпактын мааниси түшүндүрүлүп, улуттук жана маданий баалуулуктар тууралуу маалымат берилди.