2021-05-31


Коом менен байланышта болуу жана социалдык жардам


Коом менен байланышта болуу жана социалдык жардамга муктаж болгон калктын катмарларына жардам көрсөтүү масатында Спорт илимдери  факультетинин мугалимдери  студенттер менен биргеликте кароосуз калган жана жетим балдар үйлөрүнө мугалимдерибиз жана студенттер спорттук иш чарарларды ар  окуу жылы уюштуруп келет. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары  үчүн факультеттин мугалимдери жана студенттери 1 июнь - Балдарды коргоо күнүнө арналган Көчө Футбол Фестивалын КТМУнун спорттук стадионунда өткөрүп келет. Фестивалга 250-300 бала катышып, алар үчүн ар кандай оюндарды, конкурстарды уюштуруп, футбол боюнча мелдештерди өткөрүп, белектер тапшырылат.

Ар жылы апрель-май айларында Көчө футбол Фелдерациясы, Кыргыз Футбол Союзу менен биргелешип Бишкек шаары жана Чуй облусунун балдар үйлөрүнүн  катышуусу менен футбол боюнча турнирлерди  иш- эң жогорку денгээлде өткөрүп келет.

2015 жылдан тартып Көчө футбол Федерациясы, Аялдар футбол лигасы менен биргелешип жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт Мамагенттиктин кол алдында Республикалык Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасындагы жайкы жана кышкы спорт мелдештерин өткөрүүгө көмөк көрсөтүп келет.  Мындан тышкары Бишкек шаарындагы Военно-Антоновка БҮ, Чуй облусунун балдар интернаты, SOS Балдар айылынын, Бишкек шаардык балдарды коргоо борборунун тарбиялануучуларына жана башка балдар үйлөрүнө жаны жылдык белектерди ар жылдын декабрь айындатапшыруу салтка айланган.

2021-жылдын 25-майында Университетибиздин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мугалимдери жана жогорку мектептин катчылыгы менен бирге Бишкек шаарында жайгашкан Балдарды жана үй-бүлөөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна барып, балдарга арналган белектерин тапшырышты. Алар борбордун жетекчилигине колунан келген жардамын аябастан дайыма бере тургандыгын билдиришти.

Университеттин мугалимдеринин жана студенттеринин ден соолугун чындоо максатында  фитнесс залында дене тарбия сабактары жана машыгуулар уюштурулган.