Университеттин уюштуруу-укуктук формасы жана менчигинин формасы жөнүндө маалыматтар:

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997-1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган. 

2019-ж.  18-январында Бишкек шаарынын Юстиция башкармалыгынан Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк алынган - № 4340-3300-У-е ОКПО № 21181508, (https://manas.edu.kg/uploads/About/svidetelstvo.pdf).

Университет өз ишин 2011-жылдын 26-апрелинде бекитилген Уставдын негизинде жүргүзөт. (https://manas.edu.kg/uploads/About/KTMU-kelishim.%20KG%202011.pdf).

 

Билим берүү программаларына лицензиялар жөнүндө маалыматтар:

Университет көп баскычтуу бакалаврларды, адистерди, магистрлерди даярдоону жана философия докторлорун (PhD) даярдоону ишке ашырат. Университетте 15 PhD адистиги, 21 магистратура, 31 бакалавриат багыты жана 1 адистик багытында, орто кесиптик билим берүүнүн 10 адистиги боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиясы бар. Лицензиялардын сертификаттары төмөнкү линктерде берилген:

Даярдоо программасы

Жогорку кесиптик билим берүү

Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү

Орто кесиптик билим берүү

Университеттин окуу пландары Болон процессинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү тармагындагы мамлекеттик стандартынын жана Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин талаптарына ылайык түзүлөт.

Университеттин диплому Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасы жана КМШ мамлекеттери тарабынан таанылат.

 

Билим берүү программалары көз карандысыз аккредитациядан өтүп турат.

2019-2020-окуу жылында 38 бакалавриат программасы жана 6 магистратура, 2021-жылдын 22.04-22.04 аралыгында 5 билим берүү программалары (специалитет-1 программа, магистратура – 1 программа, орто кесиптик – 3 программа), 2022-жылдын 11.04-14.04 аралыгында 10 билим берүү магистратура, 2023-жылдын 16.03-19.03 аралыгында 5 билим берүү программалары (магистратура – 2 программа, бакалавр – 2 программа) программалары көз карандысыз тышкы агенттиктер тарабынан ийгиликтүү аккредитациядан өттү.

Билим берүү программаларына тиешелүү баардык сертификаттар төмөнкү линктерде берилген:

Орто кесиптик билим берүү