Ар бир маданияттын өзүнө таандык баалуулуктары болгондой эле ошол маданияттын башка маданияттан айырмаланып турган өзгөчөлүгү да бар. Орток өзгөчөлүккө ээ болгон маданияттар баалуулуктардын уюткусу катары чогулуп цивилизацияны пайда кылат. Цивилизация географиялык шарттарга, климатка жана маданиятка жараша калыптанат. Көчмөн элдердин жашоо образынын негизинде пайда болгон цивилизация менен отурукташкан элдердин жашоо образынын негизинде пайда болгон цивилизация бири-биринен өтө алыс сыяктуу кабыл алынса дагы бул эки жашоо образы бири-бирин толуктап, бири-бирине муктаж болуп турат. Шаар цивилизациясынын өкүлдөрү көчмөн элдердин эт жана сүт азыктары менен камсыз болууга муктаж болсо, көчмөн калктар шаардыктардын айыл чарба продукцияларына жана ошондой эле зарыл керектөөлөрүн камсыздоо үчүн отурукташкан элдердин базарларына барууга муктаж болушкан. Түрк цивилизациясы бул эки жашоо образы менен жуурулушуп, гүлдөп-өсүп бай маданий мурасты калтырган.

Түрк цивилизациясын изилдөө борбору адамзат тарыхына көптөгөн саясий, башкаруучулук жана маданий жактан салым кошкон түрк цивилизациясын байыркы мезгилден азыркы мезгилге чейин ар тараптуу таанытуу максатында курулган. Бул максатта көптөгөн конгресс, симпозиум, эл аралык конференциялар уюштурулду. Дүйнөнүн төрт бурчунан илимпоздор катышкан конференцияда жасалган докладдар басылып чыгып, көптөгөн изилдөөчүлөрдүн жана окурмандардын назарына коюлду. Изилдөө борборунда китепкана ачылып, айрыкча түркология, тарых, археология, саясат багытында түрк цивилизациясына байланыштуу 3000ден ашуун китеп изилдөөчүлөрдүн кызматына сунушталды.

2013-жылы илимий борборубуздун журнал басып чыгаруу, конгресс, семинар иш-чаралары жана ошондой эле долбоорлорду аткаруу, билим берүү иштерине катышуу, башка илимий изилдөө борборлору менен кызматташтык, окутуучу жана студент алмашуу программалары сыяктуу иш-чараларына көбүрөөк көңүл бөлүнүп, анын иштөө чөйрөсү кайрадан иштелип чыкты. Борбор тарабынан ишке ашырылчу эл аралык долбоорлор жана келишимдер аркылуу университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин изилдөө иштерине чоң салым кошуу көздөлүүдө. Бул максатта борбор тарабынан башка өлкөдөн келген изилдөөчүлөргө колдоо көрсөтүлө баштады. Айрыкча тил жана тарых жаатында жаңы эмгектер жана илимий изилдөө долбоорлору ишке ашырылууда.