Микроорганизмдер жана биосфера (Microbios-2023)

Урматтуу кесиптештер,

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулуп жаткан “Микроорганизмдер жана биосфера (Microbios-2023)” эл-аралык симпозиумуна кош келиңиздер. Симпозиум 2023-жылдын 15-16 июнь күндөрү  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлөт.

Биосферада глобалдык жылуулуктун жана климаттын өзгөрүшүнүн, топурактын жана суунун булганышынын таасири күн сайын күчөгөндө, бул конференция дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөрдү, илимпоздордун жана практиктердин жамааттарын айлана-чөйрөнү булгануудан тазалоодо,  жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулукту сактоодо микроорганизмдердин ролун, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын микробиомаларынын жана алардын молекулалык-генетикалык эволюциясынын маселелерин талкуулоого чакырат.

Ошондой эле, ак карлуу бийик тоолору, тоо көлдөрү жана тунук, кооз пейзаждары бар Кыргызстан өлкөсүнө  келип, кең пейил кыргыз элинин кайталангыс маданияты жана салты менен таанышыңыз. Июнь айындагы убакыт укмуштуудай жерлерге барууга жана бул өлкөнүн жаратылышынын кайталангыс кооздугу менен байланышууга мүмкүндүк берет.

Microbios-2013 мындан он жыл мурун биздин университетте 30дан ашуун өлкөдөн  келген 200 катышуучуну бириктирип  ишке ашырылган. Бул багыттагы кийинки конференцияларды өткөрүү эстафетасы коңшу Өзбекстан, Россия жана Казакстан мамлекеттеринде улантылды.

2023-жылы дагы Кыргызстан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бул симпозиум COVID-19 пандемиясынын алып келген тоскоолдуктарын артта калтырып, бетме-бет катышуу мүмкүнчүлүгү менен уюштуруп жатат жана биздин биосферабыздын тагдырына  кайдыгер карабаган бардык кызыкдар адамдарды  планетаны сактоодо микробиологиялык процесстердин ролу жөнүндө акыркы илимий натыйжалары менен бөлүшүп талкуулоого чакырабыз.

Идеялар менен бөлүшүүгө, мыкты тажрыйбаларды, инновациялык стратегияларды үйрөнүүгө жана Микробиологиянын идеяларын таратуу боюнча милдеттенмелерди алууга көмөктөшүүчү бул кызыктуу иш-чаранын бир бөлүгү болосуз деп ишенебиз.

Сиздин катышууңуз жакшы тажрыйба алып келет жана биз сизди Кыргызстан, Бишкек шаарында тосуп алууну чыдамсыздык менен күтөбүз.

Профессор Тинатин Дөөлөткелдиева

Симпозиум башчысы

  • Симпозиум Айыл чарба факультети
  • 2023-06-15 — 2023-06-16
  • 09:00
  • KTMÜ Kasym Tynystanov Konferans Salonu
    Социалдык медиада бөлүшүү