Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн негизги максаты - зыянкечтерге диагностика жүргүзүү, алардын биологиясы жана күрөшүү чаралары боюнча негизги маалыматтарды берүү; паразиттик жана паразиттик эмес илдеттер, анын ичинде маданий өсүмдүктөрдө көйгөй жараткан отоо чөптөр боюнча маалымат берүү саналат. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө экономикалык жоготууларды алып келген курт-кумурскалардын, кенелердин жана нематоддордун диагностикасы, биологиясы жана контролдоо ыкмалары, ошондой эле вирустардын, бактериялардын жана козу карындардын диагностикасы, отоо чөптөрдүн биологиясы; маданий өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана илдеттери менен өз ара аракеттениши жана илдеттерге, зыянкечтерге жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана биологиялык күрөшүү үчүн ыкмаларды колдонуу саналат.

Жогоруда айтылган максаттарга ылайык, биздин студенттер; Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча билимге ээ болуп, айыл чарба продукцияларын жоготууга алып келүүчү зыяндуу организмдерди аныктай алышат, айлана-чөйрөнүн жана адамдардын ден-соолугун сактоо менен азык-түлүк коопсуздугун билишет, контролдоо ыкмаларын, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Билимди жана көндүмдөрдү, инновациялык жана этикалык баалуулуктарды өздөштүргөн, өмүр бою билим алуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн айыл чарба инженерлери катары бүтүшөт.

Кафедраны аяктаган студенттер айрыкча Кыргызстанда өсүмдүктөрдү коргоо маселелерин чечүү жолдорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Бөлүмдүн катчысы

Ажар Кенешбекова

Телефону: 492781-82

Кошумча: 2047

Кабинет: ZİRF-202