Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту, ошол эле министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жана «АгроЛид» компаниялар тобунун чакыруусу менен факультетибиздин окутуучулары — Доц.Др. Махабат Конурбаева жана Др. Медербек Жаанбаев — «Кыргызстанда үрөнчүлүктүн келечеги: сапат, инновациялар, өнөктөштүк» аттуу форумга катышышты.
Форум Кыргыз Республикасында үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү маселелерине арналды. Анда мамлекеттик саясат, заманбап технологиялар, үрөндүн сапаты жана сертификациясы, ошондой эле илим, бизнес жана фермердик коомчулуктун өз ара кызматташуусу боюнча маселелер каралды.
Форумдун алкагында Др. Медербек Жаанбаев «Кыргызстандын мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн генетикалык ресурстары жана селекциялык изилдөөлөр» аттуу баяндама жасап, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн генетикалык ресурстары жана селекциялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштады.
Мындай иш-чараларга катышуу факультеттин илимий байланышын кеңейтүүгө жана тармактык кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.

.jpeg)
.jpeg)