2026-02-27

KGFRAS ассоциациясы менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду


2026-жылдын 27-февралында Бишкек шаарында KGFRAS ассоциациясы (Kyrgyzstan Forum of Rural Advisory Services) менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Ассоциация тараптан документке Аткаруучу директор Кушубеков Кайрат Анарбекович, университет тараптан Айыл чарба факультетинин деканы проф., докт. Ахмет Айгун кол коюшту.

Меморандум илим жана билим берүү тармагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Макулдашуунун алкагында маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, илимий жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу, студенттердин практика жана стажировкадан өтүүсү, ошондой эле илимий иштеп чыгууларды агроөнөр жай тармагына киргизүү каралган.

Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жылдык мөөнөткө түзүлгөн.