14–15-май күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын токойду коргоо жана сактоо инженерлери үчүн эки күндүк окуу курсу өткөрүлдү. Окутуу Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Токой кызматынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурулду. Курстун программасы «Токой зыянкечтерин жана илдеттерин аныктоо, лабораториялык диагностиканын элементтери менен» темасына арналган болуп, теориялык жана практикалык сабактарды камтыды.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар токой зыянкечтерин жана илдеттерин диагностикалоо ыкмалары, токой энтомологиясынын негиздери, мониторинг жүргүзүү ыкмалары, ошондой эле карантиндик зыянкечтер жана илдеттер тууралуу маалымат алышты. Лабораториялык практикага өзгөчө көңүл бурулуп, үлгүлөрдү туура алуу, беттик стерилизация, азыктандыруучу чөйрөгө себүү жана козу карындардын өсүшүн байкоо иштери жүргүзүлдү .
Сабактарды Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын окутуучулары — доцент Махабат Конурбаева, и.о. доцент Сайкал Бобушова жана и.о. доцент Эсенали уулу Таир өткөрүштү. Окутуу лабораториялык демонстрациялар, практикалык диагностика жана топтук иштер менен коштолуп, катышуучулардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түздү.

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)