2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү биринчи жолу белгиленди. Иш-чараны Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурду.
Иш-чаранын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы органикалык чарбалар жана фермерлер тарабынан өндүрүлгөн органикалык продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, ошондой эле окумуштуулар, жаш изилдөөчүлөр жана студенттер тарабынан органикалык айыл чарбасы, жашыл технологиялар жана агробиотехнологиялар багытында иштелип чыккан илимий иштеп чыгуулар сунушталды.
Биздин факультет лабораторияларыбызда иштелип чыккан илимий иштеп чыгуулар жана практикалык материалдар менен иш-чарага катышты. Көргөзмөдө лабораториябызда иштелип жаткан биологиялык препараттар, энтомологиялык объекттердин демонстрациялык коллекциясы, ошондой эле зыянкеч курт-кумурскаларды мониторингдөө иштеринде колдонулуучу феромондук тузактар көрсөтүлдү.
Иш-чарага катышуу факультетибиздин илимий иштерин таанытуу жана лабораториялык изилдөөлөр менен заманбап айыл чарбасынын практикалык муктаждыктарынын ортосундагы байланышты көрсөтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоодо биологиялык жана экологиялык жактан коопсуз ыкмаларды өнүктүрүүгө багытталган иштерибизди таанытууга шарт түзүлдү.
Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнүн өткөрүү органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө, жашыл технологияларды киргизүүгө, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарбасын биологиялаштырууга салым кошкон илимий иштеп чыгууларды колдоого багытталган.
Биздин факультет Кыргызстанда туруктуу жана экологиялык жактан багытталган айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган илимий ыкмаларды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча иштерин улантууда
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)