Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетине караштуу Журналистика бөлүмүнүн студенттерине кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн практикалык түрдө өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген «Газета Манас» ательеси – теориялык билимди практикалык ишмердик менен айкалыштырган маанилүү платформа болуп саналат. Студенттер маалымат булактарынан баштап басмага даярдоо процессине чейин болгон бардык баскычтарга түздөн-түз катышып, бул колдонмо басылма келечектеги журналисттерге чыныгы маалымат чөйрөсүндө иш тажрыйбасын алууга шарт түзөт.
Устаканада студенттердин пайдалануусуна берилген 7 компьютер, жазуу тактасы жана 8 орундуу жыйын столу аркылуу жаңылык жазуу, редакциялоо, бет түзүү сыяктуу ар түрдүү практикалык иштер жүргүзүлүп, 20 адамга ылайыкталган сыйымдуулугу менен натыйжалуу иштөө чөйрөсү камсыздалган. Бул устакана студенттерге жекече жана команда менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга, кесиптик жоопкерчилик жана этикалык баалуулуктар негизинде чыгармачылык менен иш алып барууга шарт түзөт.