2026-02-18


Коммуникация факультетинин студенттерине “Жаштардын эмгек укуктары жана милдеттери” темасында семинар өткөрүлдү


18-февралда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде “Жаштардын эмгек укуктары жана милдеттери” аттуу семинар уюштурулду. Семинарды Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Медиа борборунун директору Алтынай Жумалиева жана Федерациянын Жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев өткөрүштү.

Семинарда жаштардын эмгек чөйрөсүндөгү негизги укуктары жана жоопкерчиликтери кеңири талкууланды. Муну менен катар эмгек келишимдери, иштөө шарттары боюнча укуктук негиздер, жаштардын уюмдашуу жана өз укуктарын коргоо жолдорун камтыган профсоюздук укуктар, ошондой эле эмгек жолунда кезигүүчү маселелерди чечүүнүн стратегиялык практикалык жолдору кеңири берилди.