2026-02-23
2026-жылдын 20-февралында Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде акын, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти Гүлзада Станалиева менен жолугушуу өттү.
Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата уюштурулуп, «Поэзия – жан дүйнөнүн элчиси» аттуу адабий кече катары уюштурулду. Кечеде студенттер акындын ырларын көркөм окуп беришти. Өз кезегинде Гүлзада Станалиева да чыгармачылыгынан үзүндүлөрдү окуп, поэзия, тил жана улуттук руханий дөөлөттөр тууралуу ой бөлүштү.
Жолугушууну университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Г.Станалиева 1996-жылы КУУну ийгиликтүү аяктаганын, бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын жигердүү өкүлдөрүнүн бири катары үзүрлүү эмгектенип жатканын белгиледи.
Адабий кече жылуу маанайда өтүп, студенттер үчүн руханий баалуулуктарды даңазалаган таасирдүү жолугушуу болду.