2026-04-16
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө өткөрүлгөн иликтөөчү журналистика сабагынын алкагында студенттер журналист-изилдөөчү, фактчекер жана медиа адис Асель Сооронбаева менен жолугушту. Семинарды бөлүмдүн ага окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков уюштуруп, анда иликтөөчү журналистиканын заманбап ыкмалары, маалыматты текшерүү процесстери жана маалыматка негизделген журналистика маселелери каралды.
Маалыматты текшерүү, маалыматка жетүү жана анализ маселелери талкууланды
Кыргызстанда дезинформацияга каршы күрөш жана фактчекинг жаатында маанилүү иштерди жүргүзүп келген Асель Сооронбаева ар түрдүү медиа уюмдарды бириктирген текшерүү платформасы - Checkit Mediaнын негиздөөчүсү жана башкы редактору болуп саналат. Ал медиа манипуляциялар жана мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, буга чейин Factcheck.kg уюмунда редактор болуп иштеген.
Сабактын жүрүшүндө студенттерге маалыматты текшерүү ыкмалары, ачык булактардагы чалгындоо (OSINT) инструменттери, маалыматтарды салыштыруу ыкмалары, аналитикалык ой жүгүртүү көндүмдөрү жана маалыматка мыйзамдуу жана этикалык жолдор менен жетүү процесстери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле буга чейин жарыяланган изилдөөчү журналистиканын мисалдары аркылуу колдонулган ыкмалар жана инструменттер конкреттүү учурлардын негизинде талданды.
Студенттер алган билимдерин практикада колдонушту
Практикалык бөлүктө ачык маалымат булактарын журналистикада колдонуу маселеси каралып, коомчулукка жеткиликтүү маалымат базаларынан маалымат издөө, расмий маалыматтарды текшерүү жана аларды жаңылыкка айлантуу процесстери мисалдар аркылуу көрсөтүлдү. Өзгөчө мамлекеттик мекемелердин санарип маалымат булактарын кантип натыйжалуу пайдалануу керектиги түшүндүрүлдү.
Иш-чарага журналистика бөлүмүнүн 2- жана 3-курс студенттери катышты. Асель Сооронбаева университеттеги билим берүүнүн сапатына жогору баа берип, КТМУнун коммуникация факультетинде сапаттуу жана кесипкөй адистер даярдалып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал тармак өкүлдөрүнүн студенттер менен сабактын алкагында жолугушуусу теория менен практиканы айкалыштырган натыйжалуу билим берүү чөйрөсүн түзөрүн баса белгиледи.



