2026-09-21
2026-жылдын 21-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүндө «Чекит Медиа» редакциясынын жетекчиси Асел Сооронбаева студенттер үчүн мастер-класс өткөрдү.
«Журналисттик иликтөөлөрдү даярдоо» темасында уюштурулган иш-чарага Журналистика бөлүмүнүн 3–4-курс студенттери катышты.
Мастер-класстын жүрүшүндө журналисттик иликтөөлөрдү даярдоонун өзгөчөлүктөрү, маалыматтарды издөө жана талдоо, журналисттик материалдарды даярдоо жана кесиптик ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери тууралуу кеңири маалымат берилди. Студенттер кызыктырган суроолорун берип, тема боюнча пикир алышып, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн атайын кофе-брейк уюштурулуп, «Чекит Медиа» редакциясынын атынан мерч белектери тапшырылды.
Мастер-класс студенттердин практикалык жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, журналисттик иликтөө багытына кызыгуусун арттырууга жана заманбап медиадагы кесиптик тажрыйбалары менен таанышуусуна өбөлгө түздү.


