2026-09-23


КТМУнун коммуникация факультети эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоону улантууда


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультети эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоо жана илимий мейкиндиктеги кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы активдүү ишмердүүлүгүн улантууда. Алматы шаарындагы М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунда өткөн «Адабият тарыхы жана тексттануу: изилдөө, окутуу тажрыйбалары» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин атынан доц., докт. Гүлзада Станалиева катышып келди.

Бул эл аралык илимий платформа белгилүү адабиятчы-окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Канипаш Кайсакызы Мәдибаеванын 75 жаштык мааракесине арналып, эки өлкөнүн окумуштуулары менен изилдөөчүлөрүн бир аянтчага чогултту.

Эки өлкөнүн адабий байланыштары жана илимий долбоорлор талкууланды

8-9-сентябрь күндөрү Алматы шаарындагы «Ғылым ордасы» имаратында өткөн жыйында эки өлкөнүн адабий байланыштары, тексттануу илиминин актуалдуу маселелери жана түрк элдеринин маданий-илимий кызматташтыгы ар тараптуу талкууланды.

Конференциянын алкагында КТМУнун коммуникация факультетинин окутуучусу, доц. м.а., др. Гүлзада Станалиева «Эгемендик мезгилиндеги кыргыз, казак, өзбек, түркмөн жана азербайжан адабияттарынын тарыхы» аттуу фундаменталдуу долбоордун негизинде жасаган баяндамасын тартуулады. Өз сөзүндө Г. Станалиева аталган илимий долбоорду ишке ашырууга жигердүү салым кошкон казак окумуштууларына терең ыраазычылык билдирди.

Түрк элдеринин илимий кызматташтыгы талкууланды

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө маараке ээси — аталган долбоордун казак адабияты бөлүмүн жетектеген профессор Канипаш Мәдибаевага кыргыз аалымдарынын жана калемгерлеринин атынан жылуу каалоо-тилектер, куттуктоолор жеткирилди.

Секциялык отурумдарда түрк дүйнөсүнүн адабий мурастарын изилдөө жана тексттануу илиминдеги заманбап ыкмаларды окутуу тажрыйбалары талданып, жогору бааланды.

Эл аралык академиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү

Конференциянын жабылыш бөлүгүндө түрк элдеринин ортосундагы маданий-академиялык байланыштарды чыңдоодо биргелешкен изилдөө долбоорлорунун мааниси зор экендиги баса белгиленди. Жыйындын жүрүшүндөгү илимий пикир алмашуулар келечекте кыргыз-казак адабий жана академиялык өнөктөштүгүн жаңы баскычка көтөрүү үчүн бекем пайдубал түздү.