2026-09-30


«Манас» гезитинин редакциялык жамааты жаңы окуу жылына карата иш планын талкуулады


29-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө «Манас» студенттик гезитинин редакциялык жамаатынын жыйыны болуп өттү. Жыйынды «Манас» гезитинин редактору, кенже илимий кызматкер PhD. Зеки Окйай өткөрүп, ага журналистика бөлүмүнүн  1- жана 4-курсунун студенттери катышты.

Жолугушууда гезиттин миссиясы, иш багыттары жана жаңы семестрге карата пландары талкууланды. Студенттер алдыдагы иштерди өз ара бөлүштүрүп, жакынкы үч айга карата биргелешкен иш планын түзүштү. Ошондой эле октябрь айында жарык көрө турган гезиттин кийинки санын даярдоо боюнча аткарыла турган иштер аныкталды.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи курстун студенттерине «Манас» гезитинин ишмердүүлүгү жана редакциялык процесс тууралуу маалымат берилип, практикалык тажрыйба топтоо үчүн аларды жогорку курстун студенттери менен биргеликте иштетүү каралды. Ар бир биринчи курстун студенти жогорку курстун студентине бекитилип, редакциялык иштерди практика жүзүндө үйрөнүүгө шарт түзүлдү.

Чогулуштун соңунда биринчи курстун студенттери өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, гезиттин ишмердүүлүгүнө, редакциялык процесске жана алдыдагы иштерге байланыштуу суроолоруна жооп алышты. Суроо-жооп форматындагы талкуу студенттерге «Манас» гезитинин иши менен жакындан таанышып, редакциядагы өз милдеттерин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Асылай Тороева-Алтынай Досубекова