2026-02-20

Коммуникация факультетинде Кыргызстан Улуттук Кызыл Ай Коому сессия өткөрдү


19-февралда Кыргызстан Улуттук Кызыл Ай коому коммуникация факультетинин студенттери үчүн Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай Эл аралык кыймылы тууралуу маалыматтык сессия уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыймылдын түзүмү, негизги принциптери, гуманитардык мандаты жана куралдуу кагылышууларда, өзгөчө кырдаалдарда жана кырсыктарда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдөгү ролу жөнүндө кеңири маалымат алышты. Өзгөчө гумандуулук, бейтараптуулук жана калыстык принциптеринин уюмга болгон коомдук ишенимди бекемдөөдөгү мааниси баса белгиленди.

Мындан тышкары, катышуучулар куралдуу кагылышуулар шартында адамдарды коргоого багытталган эл аралык гуманитардык укуктун негиздери жана негизги документтери менен таанышышты. Кызыл Ай Коомунун эл аралык гуманитардык укуктун сакталышына көмөктөшүүдөгү ролу тууралуу да кеңири түшүндүрмө берилди.

Сессиянын соңунда студенттер уюмдун ыктыярчы болуп иштөө мүмкүнчүлүктөрү жана талаптары тууралуу кеңири маалымат алышып, гуманитардык багыттагы ишмердүүлүккө кызыгуусун билдиришти.